Непалдын борбору Катманду шаарында 8-15-ноябрда шахмат сүйүүчүлөрүнүн Азия чемпионаты болуп өттү. 12 өлкөдөн 80 шахматчы катышты. Алар тогуз тур ойношту. Кыргызстандан үч шахматчы барган эле. ФИДЕнин 1800-1999 рейтинги барлар арасында Ислам Байсынов алтын медалга татыды. Ал эми 16 жашка чейинкилер арасында Байэл Орунбаев чемпион болду. ФИДЕнин 1000-1499 рейтинги барлар арасында Нурлан Шергалиев үчүнчү орунду ээледи.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ