Menu

АКШ сириялык көтөрүлүшчүлөргө бронетехника берүүдө

Бөлүшүү:

АКШ «Ислам мамлекети» өзүнүн борбору деп атап алган «Ракка» шаарынан уюмдун согушкерлерин сүрүп чыгаруу үчүн Сирия көтөрүлүшчүлөрүнө брондолгон техникаларды бергенин ырастады.

Guardian бронетранспортерун алгандыгы тууралуу Сириядагы көтөрүлүшчү топтордун билдирүүсүн Пентагондун расмий адамдары шаршембиде ырасташты. Мекеменин маалыматында брондолгон техника аз санда жана биринчи гана жолу берилгени белгиленген.

Пентагон АКШ колдоп жаткан Сириядагы арабдардын коалициясына кыйла ишенимдүү коргонууга мүмкүндүк берчү курал-жарактарды жеткирүү ниети бар экенин билдирди. Сириялык көтөрүлүшчүлөрдүн Раккага чабуул жасоосу ИМ тобунун согушкерлери ээлеп турган ал шаарды алууга багытталган кеңири кампаниянын бир бөлүгү болуп эсептелет. Кошмо Штаттар арабдардын коалициясын ИМге каршы күрөшүүдө Сириядагы эң натыйжалуу күч деп эсептейт. Ал күрттөрдүн «Сириянын демократиялык күчтөрүнүн» курамына кирет.

Кошмо Штаттардын минтип Сириядагы көтөрүлүшчү топторду колдоосу АКШнын Түркия менен болгон мамилесин начарлатып жибериши мүмкүн. Анткени түрк бийлиги Түркиядагы күрт жикчилдери менен байланышы бар болгондугу үчүн Сириядагы күрттөрдүн тобун «террорчулар» деп эсептейт.

 Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: