Menu

Ысык-Көл жана Жалал-Абад университеттери ректорлордун жеке күркөсүнө айланып кеттиби?

Бөлүшүү:

К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин ректору К.Абдылдаевдин жосунсуз жоруктары тууралуу мурда да маалымат каражаттарында сөз болгон. Анын негизги мазмуну – Абдылдаев университетти жеке өзүн байытуучу күркөгө айландырып алган. 7-8 жылдык ректорлугунун тушунда автотектиктер дүкөнүн жана техникалык ондоо станциясын ачууга жетишкени кайрылууда айтылат. Мына ушуга окшогон ачуу чындыктарды айткан Р.Абылгазиевди куугунтукка алып, күн көрсөтпөй жатканы да чындык. Атайын бирөөлөрдү жөнөтүп, ММКга жана укук коргоо органдарына кайрылганды токтотпосо, балдарынын убалына каларын кыйытышкан. Жадакалса, ким ага тийишсе, 20 миң сом менен эле анын көзүн тазалап коюуга кудурети жетерин айтканын уккандар бар. Кечээ жакында болсо университеттин юристи, баш бухгалтери, проректорлорунун көзүнчө кримтөбөл Тошанын тоюнда болгонун айтып, далил катары алып келген устукандан жана арактан ооз тийгизген. Бул аракети менен ал кандай күчтүү экенин билгизгиси келди да. Биз бул жерде ректор Абдылдаевдин узун тизме кылыктарын атайылап жазбадык, иликтөөнүн жыйынтыгында ага кеңири токтолобуз.

Ал эми Жалал-Абад мамлекеттик университети өлкөбүздөгү тарыхы узун окуу жайлардын бири. Быйыл анын 95 жылдык мааракеси белгиленди. “Өкүнүчтүүсү, мына ушул маараке коштогон жылда университеттин жамааты ректор Кенешбек Усеновдун адамгерчилик чектен чыккан жоруктарынын айынан таркап кетүү коркунучуна кептелди. Жаны шайланган президентибиз Сооронбай Шарипович алгачкы кадамдары менен бизди көптөн бери ойлондуруп жүргөн маселелерди чечүүгө бел байлаганы кайрадан жүрөгүбүздө үмүт жандырды. Биз бул кайрылууну биринчи кезекте ректор Кенешбек Усеновдун өзүм билемдик саясатын токтотуу үмүтү менен сиздерге жолдоп олтурабыз. Ректордун артынан көптөн бери жакшы эмес кептер айтылып келет, анын коррупциялык иштери басма сөздө кеңири жазылды. Бирок, укук-тартип органдарынан алынган маалыматтар жарыяланып кеткенин ректор К.Усенов ынтымагы бекем эмгек жамааттан көрүп, жактырбаган адамдарды бирден чакырып, “кетирип тазалайм”, “түбүңө жетем”, “сотко берем” өңдүү коркутууларды көбөйткөндүктөн, бизде тээ 37-жылдагыдай заман өкүм сүрүүдө. Негизи, өз көлөкөсүнөн өзү корккон жетекчи гана мындай пастыкка барат. Таза, булганбаган адам болсо, анда эмне үчүн актыгын башка жерден барып далилдебейт? Университет ичиндеги былыктарын бизди коркутуп жаап-жашыра албайт! Дал ошондуктан, биринчи кезекте урматтуу ажо Сизден, андан кийин Өкмөт башчысынан, Башкы прокурордон, эл өкүлдөрүнөн суранабыз: Жалал-Абад мамлекеттик университетиндеги башаламандыктарды токтотуп бериңиздер! Болбосо, окуу жайдын келечеги коркунучта!”- делет кайрылууда. Бул кайрылуу президент С.Жээнбековго, премьер-министр М.Абылгазиевге, башпрокурор Ө.Жамшитовго жана Жогорку Кеңештин депутаттарына да жолдонгон.

Эмне дейбиз, коррупцияга каршы күрөшө турган органдар змнеге бул университеттердеги жемкорлуктарды көз жаздымда калтырып жатат? Жегени, ичкени чын болсо жоопкерчиликке тартыш керек го…

А.Белеков

Булак: “Майдан

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 54 − = 51

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: