Бүгүн, 6-июлда КР УКМКсы Бишкек шаарынын вице-мэри, Албек Ибраимовдун көздөй орун басары Ренат Макеновду суракка чакырып, көптөн бери кармап олтурат. Билермандардын социалдык тармактарга жазганына караганда укук коргоо органдары Ренат Макеновду Бишкектеги жер участокторун мыйзамсыз бөлүп берүү фактылары боюнча ачылган кылмыш иштин алкагында суракка алууда жана ал бүгүн абакка алынышы мүмкүн.
УКМКнын басма сөз кызматы азырынча расмий билдирүү тарата элек.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ