Menu

Кара-Балта жана Таш-Көмүр шаардык кеңештеринин депутаттыгына талапкерлерди каттоо мөөнөтү аяктады

Бөлүшүү:

Кечээ, 4-январда Кара-Балта жана Таш-Көмүр шаардык кеңештеринин депутаттыгына талапкерлерди каттоо мөөнөтү аяктады. Бул туурасында БШКнын басма сөз кызматы маалымдайт.

Азыркы учурга карата Жайыл АШК тарабынан 8 саясий партиянын талапкерлеринин тизмелери катталды, бул: Элдик-Народная», «Эламан», «КСДП», «Жакшылык-Добро», «Мекеним Кыргызстан», «Өнүгүү-Прогресс», «Республика», «Содружество народов КР» саясий партиялары. Чүй облусунун Кара-Балта шаардык кеңешине аталган партиялардан 424 талапкер көрсөтүлгөн.

Таш-Көмүр АШК тарабынан 7 саясий партиянын талапкерлеринин тизмелери катталды, бул: «Мекеним Кыргызстан», «КСДП», «Ата-Журт», «Өнүгүү-Прогресс», «Улуу-Көч», «Бүтүн-Кыргызстан», «Таш-Көмүр жаштары» саясий партиялары. Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүршаардык кеңешине аталган партиялардан 373 талапкер көрсөтүлгөн.

2018-жылдын 5-январынан тартып Кара-Балта жана Таш-Көмүр шаардык кеңештеринин депутаттыгына талапкерлердин шайлоо алдындагы үгүт иштери башталат.

Ошондой эле, азыркы учурга карата, кезектеги жана мөөнөтүнөн мурда шайлоо өтө турган айылдык кеңештердин депутаттыгына талапкерлерди көрсөтүү аяктады. Кезектеги шайлоо өтө турган айылдык кеңештердин депутаттыгына талапкерлерди каттоо 7-январда аяктап, 8-январдан тартып шайлоо алдындагы үгүт башталат. Кезектеги шайлоо өтө турган Чүй облусунун Кемин районунун Жаңы-Алыш айылдык кеңешинде 33 талапкер, Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Кажы-Сай айылдык кеңешинде 42 талапкер көрсөтүлдү.

Мөөнөтүнөн мурда шайлоо өтө турган айылдык кеңештердин депутаттыгына талапкерлерди каттоо 12-январда аяктап, 13-январдан тартып шайлоо алдындагы үгүт башталат. Мөөнөтүнөн мурда шайлоо Нарын облусунун Аксы районунун Кара-Жыгач, Ак-Талаа районунун Тоголок-Молдо, Ош облусунун Араван районунун С. Юсупова, Кара-Суу районунун Ак-Таш, Чүй облусунун Кемин районунун Кара-Булак жана Көк-Ойрок, Москва районунун Александровка айылдык кеңештеринде өткөрүлөт.

Шайлоо алдындагы үгүт иштери шайлоо өтө турган бардык жергиликтүү кеңештерде добуш берүү башталганга чейин 24 саат калганда аяктайт, б.а. 2018-жылдын 27-январында саат 8.00дө.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 72 = 78

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: