КРнын Өкмөтүнүн аппаратынын жетекчисинин биринчи орун басары рангындагы коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүм башчысы Азамат Араев камакта калтырылды. Бул тууралуу укук коргоо органдарын кызматкерлери билдирет.
Такталгандай, мындай чечимди Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту чыгарган. Ага ылайык, Азамат Араев 2021-жылдын 12-январына чейин УКМКнын убактылуу кармоочу жайында камакта болот.
Белгилей кетсек, УКМК ККК жана Аскер прокуратурасынын мекемелер аралык ыкчам тергөө тобу айрым мамлекеттик органдардын жана Өкмөттүн Аппаратынын кызмат адамдары тарабынан радиожыштыктарды сатып алуу-сатуу боюнча келишим түзүүдө жана аларды пайдаланууга лицензияны кайра берүүдөгү коррупциялык фактылар боюнча сотко чейинки өндүрүш жүргүзүп жатат.
15-декабрда аталган иштин алкагында, КР Жазык-процесстик кодексинин 98-беренесинин негизинде, Өкмөттүн аппаратынын жетекчисинин биринчи орун басары рангындагы коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүм башчысы Азамат Араев кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ