Menu

Аламүдүн милициясы тарабынан автоунааларды айдап качууга шектүүлөр кармалышты

Бөлүшүү:

Аламүдүн милициясы тарабынан автоунааларды айдап качууга шектүүлөр кармалышты. Бул тууралуу бүгүн, 19-декабрда Чүй ОИИББнин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, буга чейин Аламүдүн районунун ички иштер бөлүмүнө Т.К. аттуу жаран арыз менен кайрылып, үстүбүздөгү жылдын 26-ноябрь күнү анын Октябрь айылындагы гаражына белгисиз бирөөлөр киришип, “Дэу Нексия” үлгүсүндөгү автоунаасын белгисиз тарапка айдап кетишкенин билдирген.

Бул окуя кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине КРнын Жазык кодексинин 206-беренеси (Автотранспорт каражаттарын айдай качуу) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.

Кылмыштын бетин ачуу максатында жогорудагы окуя боюнча баардык ички иштер органдарына багыттамалар берилип, ыкчам тергөө иш-амалдары жүргүзүлгөн.

Аламүдүн районунун ИИБдүн кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ар тараптуу ыкчам иш-чаралардын натыйжасында, жогорудагы кылмышка шектелип, автоунаа саткан жайлардын биринен унаа сатып жатышкан жеринен 2004-жылы туулган Ж.А. жана 2003-жылы туулган М.Д. аттуу балдар кармалышкан.

Сотко чейинки өндүрүш иштеринин алкагында кармалган жарандар буга чейин Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун аймагында бир нече автоунаа каражаттарын айдай качуу фактысына тиешеси бар экендиги аныкталган.

Сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: