Баткен облусунун прокурору Анарбай Мамажакыповдун өлүмүнө байланыштуу кылмыш иштин күбөсү Наим Дехканов Баткендин прокуратура жана милиция кызматкерлери тарабынан катуу ур-токмокко алынган. Ошонун айынан, ал тез арадагы операцияга муктаж. Бул тууралуу прокурордун өлүмүнө шектүү Мелис Калыковдун эжеси Дамира Калыкова билдирди.
Анын айтымында, Наим Дехканов 18-ноябрда сабалган.
“Ур-токмоктун кесепетинен анын тизесиндеги тарамыштарына операция жасоо зарылдыгы туулду. Наим Декханов башынан жана бүт денесинен оор жаракаттарды алган. Андан менин иниме каршы көрсөтмө беришин талап кылышыптыр, анан ал баш тартканда, катуу ур-токмокко алышыптыр. Менин инимдин жана кылмыштын күбөсүнүн жашоосуна чоң коркунуч бар. Ал азыр ооруканада. Баткен милициясы дарыгерлерди дагы коркутуп коюшкан,” – дейт Дамира Калыкова.
Прокурор Анарбай Мамажакыпов 18-ноябрда өлтүрүлгөн. Кылмышка шектүү катары Баткен шаарынын Капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысы кармалган. Шектүү өзүнө карата кыйноолор болгонун билдирген.
лак: KyrgyzTodayБулак:KyrgyzToday
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ