Menu

«Чоң жети» Орусияга каршы санкцияларды катаалдатууга даяр

Бөлүшүү:

«Чоң жетиге» мүчө өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлери Москванын аракеттери мажбур кылса, Орусияга карата санкцияларды кеңейтүүгө даяр экендиктерин билдиришти. Бул тууралуу министрлердин Торонтодогу жолугушуусунан кийин жарыяланган биргелешкен билдирүүдө айтылат.

«Украинанын аймактык бүтүндүгүн бузгандыгы үчүн киргизилген санкциялардын мөөнөтү Орусия тараптын Минск келишимдеринин толук аткарылышына түз байланышта. Ал санкциялар Москва өз милдеттенмелерин чындап аткарганда гана алынышы мүмкүн», — деп жазылган билдирүүдө.

Министрлер ошондой эле Орусия тараптан аннексияланган Крымдагы адам укуктарынын абалын «артка кетүү» деп аташып, орус бийлигин жарым аралда кыянатчылык кылууга айыпташты. Мындан тышкары алар Орусияны «туруксуздаштыруучу аракеттерин» жана «башка өлкөлөрдөгү демократиялык системаларга кийлигишүүсүн» токтотуп, эл аралык милдеттенмелерин аткарууга үндөштү.

«Ошол эле маалда «Чоң жети» аймактык жана глобалдык жаңжалдарды чечүүдө Орусия тарап менен сүйлөшүү мүмкүндүктөрүн издөөнү улантат. Москва «конструктивдүү өнөктөш» болушу керек», — деди АКШнын мамлекеттик катчысынын милдетин аткаруучу Жон Салливан.

«Чоң жетиге» мүчө өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлеринин жолугушуусу Торонтодо 21-23-апрель күндөрү өттү. Ага Канада, АКШ, Германия, Улуу Британия, Жапония, Франция жана Италия ТИМ башчылары катышты.

12-мартта Европа биримдиги Крымдын аннексиясы жана Донбасстагы жикчилдерди колдогондугу үчүн Орусияга каршы киргизилген санкциялардын мөөнөтүн дагы жарым жылга узарткан.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 4 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: