Menu

Александр Лукашенконун инаугурациясы жашыруун өттү

Бөлүшүү:

Минскиде дагы беш жылга президент болуп шайланган Александр Лукашенконун инаугурациясы өттү. Бул тууралуу мамлекеттик БелТА агенттиги кабарлады.

Инаугурация аземине жүздөгөн киши чакырылган. Алардын арасында жогорку кызматтагы аткаминерлер, депутаттар, мамлекеттик органдардын жетекчилери, ЖМК өкүлдөрү, маданият, илим жана спорт ишмерлери бар.

Александр Лукашенко Конституцияны кармап, беларус тилинде ант берди. Андан соң ал ант бергени жөнүндө актыга кол койду. БШК башчысы Лидия Ермошина Лукашенкого Беларус Республикасынын президенти деген күбөлүк тапшырды.

Инаугурацияга жашыруун даярдык көрүлүп, анын датасы айтылган эмес.

Ушу тапта Минскинин борборундагы Эгемендик аянтында көптөгөн техникалар жана аскерлер турат. Эгемендик проспектиси жабылган.

Кийинчерээк жергиликтүү Телеграм-каналдарда Минскидеги Эгемендик проспектисинен ардак кароолдун коштоосунда кортеж өтүп бараткан учур тартылган видео пайда болду.

Беларуста президенттик шайлоо 9-августта өткөн. Бийликке баш ийген Борбордук шайлоо комиссиясы Лукашенко добуштардын 80%, оппозициячыл талапкер Светлана Тихановская 10% жакынын алганын билдирген. Бирок бир катар Батыш өлкөлөрү Беларуста добуштар бурмаланганын билдирип, шайлоонун жыйынтыгын тааныбай келишет.

Президенттик шайлоодон бери түмөндөгөн адам катышкан жүрүштөр токтобой келет. Демонстранттар Лукашенконун кызматтан кетишин, жаңы шайлоо өткөрүлүшүн, саясий туткундардын боштондукка чыгарылышын талап кылышууда.

Өткөн аптада Европарламент Александр Лукашенконун президенттик мөөнөтү 5-ноябрда бүткөндөн кийин аны Беларустун мамлекет башчысы катары тааныбай турганын жарыялаган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 35 − = 33

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: