Menu

Ысык-Көлдө 2 жаштагы кичинекей баласын катуу сабаган атаны сот жазадан бошотту

Бөлүшүү:

Ысык-Көл облустук соту баланы катуу сабады деп айыпталган кишиге айыппул салып, бошотту. Бул тууралуу соттун өкүмүндө айтылат.

Маалыматка ылайык, 2019-жылдын октябрь айында А.А. ыйлаган уулун сабаган. Ал учурда бала 1 жаш 8 айда болгон.

“Айыпталуучу баланы колунан алып, ага өзгөчө ырайымсыздык менен денеге зыян келтирген. Ымыркай алган жаракаттарынан эсин жоготуп койгон. Эркек киши баласын үйүнө киргизип, балага эч кандай медициналык жардам көрсөткөн эмес. Беш күн бою баланы табыптарга алып барышып, абалы начарлаганда гана ооруканага жаткырышкан. Соттук-медициналык экспертизанын корутундусуна ылайык, баланын ден-соолугуна анча оор эмес зыян келтирилген “, – деп айтылат соттун өкүмүндө.

Сот отурумунда айыпталуучу баланын кандайча жабыркагандыгын билбегенин айтты. Ал киши чынында эле уулун сабаганын мойнуна алган.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 3 + 5 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: