«Ата-энелер балдарына сен сөзсүз билим алышың керек, президент болосуң деп айтышат. Мен каршы эмесмин, президент боло беришсин. Бирок ал баланын мээсине сиңип калат. Качан андай болбой калганда ал кескин өзгөрүп кетет. Бактылуу болуш үчүн сөзсүз эле президент болуш керек эмес. Балким тескерисинче болушу мүмкүн. Мен силерге бир тамашаны айтып берейин», – деди ал.
«Бир кездерде биз Ельцинге «Борис Николаевич, сиздин небереңиз президент болгусу келет экен» дегенбиз. Ал болсо «Орусияга эки президенттин эмне кереги бар?» деп жооп берген. Мен жаштарга реалдуу кеңештерди бергим келет. Адам болуп өсүүдөгү эң башкы нерсе — билим алуу, эч ким тартып ала албай турган кесипке ээ болуу жана илимдүү болуу. Ошондо сен жашоодо ийгиликтерге жетишесиң», – деди Назарбаев.
Ошол эле маалда Кыргызстан президенти Алмазбек Атамбаев Нурсултан Назарбаев менен Орусия президенти Владимир Путин андан дагы бир мөөнөткө калышын суранышканын, бирок ал баш тартканын билдирди.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ