2020-жылдын сентябрь айында КР УКМК ККК жүргүзүлгөн ыкчам-тергөө иш-чаралардын алкагында 40 миң сом өлчөмүндөгү акча каражатын УКМК ККК кызматкерине берип жаткан учурунда КР мамлекетик чек ара кызматынын «Кулунду» чек ара заставасынын башчысы 1992-ж.т. капитан Ж.у.Н. кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 29-сентябрда КР УКМК басма сөз кызматы билдирди.
Такталгандай, кармалган адам коңшу өлкөлөрдөн келген контрабандалык жүктөрдү өткөрмө посттордон мыйзамсыз өтүүсүнө аталган чек ара заставасынын аскер кызматкерлерине карата чараларды көрбөө үчүн
акча каражатын сунуш кылган.
Бул факт боюнча Баткен гарнизондук аскер прокуратурасы тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 319-беренеси (Коррупция) боюнча сотко чейинки иштер козголду.
Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ