Menu

Кытайлык казактар Орусия менен АКШдан жардам сурашты

Бөлүшүү:

28-январда Алматыда Кытайдын Баркөл-Казак автоном облусунан келген этникалык казактар Шинжаңдагы “саясий тарбиялоочу лагерлерде” кармалып жаткан туугандарына жардам берүүнү суранып, маалымат жыйынын өткөрүштү.

“Ата журт ыктыярчылары” деп аталган коомдук уюмдун кеңсесинде өткөн жыйындын катышуучулары АКШ президенти Дональд Трамп менен Орусиянын лидери Владимир Путинге орус жана англис тилдеринде сүйлөп, жардам берүүнү суранып кайрылышты.

Жыйынга отузга чукул адам катышты. Алардын айрымдары туугандары “саясий тарбиялоочу лагерлерде” экенин айтышса, башкалары жакындары үй камакта экенин, кээ бирөөлөрү соттолуп кеткенин билдиришти.

Кытайдын Шинжаң аймагынын бийлиги жүз миңдеген адамды атайын лагерлерге мажбурлап жибергени тууралуу маалыматтар 2016-жылдан бери айтылып жүрөт. Бээжин “окутуп-тарбиялоочу борбор” деп атаган жайларда бир миллиондон ашуун киши отурганын Бириккен Улуттар Уюму да өз булактарына таянып билдирген.

9-январда Астана Бээжин эки миңден ашуун казак улутундагыларга кытай жарандыгын тапшырып, өлкөдөн чыгып кетүүгө уруксат бергенин билдирген.

Кытай бийлиги Шинжаң элинин укугу бузулуп жатканы тууралуу дооматтарды четке кагып, саясий лагерлерди кадыресе билим берүүчү борборлор катары мүнөздөп келет.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 35 = 40

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: