Menu

Тажикстан Уламалар кеңеши: Иран ынак мамиледеги өлкө деген наамга татыксыз

Бөлүшүү:

Тажикстандын Уламалар кеңеши Иран бийлигин өлкөдөгү абалды туруксуздаштыруу үчүн учурдагы тажик бийлигинин каршылаштарын пайдаланып жатат деп айыптады.

Тажикстан Ислам борборунун алдында түзүлгөн Уламалар кеңешинин курамы өлкөнүн 25 абройлуу имамынан турат. Ханафи масхабынын жоболоруна ылайык, Уламалар кеңеши фикх (коомдук нормалардын топтому) маселелери боюнча фатва чыгарып, өлкө мусулмандарын патриоттук духта тарбиялап, талаштуу диний маселелерди чечет.

«Иран өз максаттарына жетүү үчүн Ооганстандагы, Ирактагы, Сириядагы жана Йемендеги абалды туруксуздаштырып, согуш баштоого катышкан. Эми болсо Тажикстанда алар менен бир тилде сүйлөгөн чагымчылардын көмөгү менен тынчтыкты бузууну каалап жатат. Иран өзү үчүн пайда болорун көрсө эле дароо аймактагы абалды туруксуздаштырууга аракет кылып, максатына жетээри менен ишти мусулмандардын душмандарына өткөрүп берип коет», — деп жазылган Уламалар кеңешинин 23-майда жарыяланган расмий блдирүүсүндө.

Анда Иран Тажикстан эгемендүүлүк алгандан кийин дипломатиялык мамиле түзгөн алгачкы өлкөлөрдүн бири болуп, перс тилдүү эки өлкөнүн ортосунда сый мамиле орногону белгиленген. «Бирок кийин тынымсыз өзгөрүп турган заманда айрым достор душманды дагы таң калтырган нерселерди кылып жатат», — деп айтылган билдирүүдө.

Уламалар кеңеши ошондой эле Иранды өлкөдө тыюу салынган Ислам кайра жаралуу партиясынын башчысы Мухиддин Кабиринин ишмердүүлүгүн каржылоого дагы айыптоодо.

Уламалар кеңешинин бул билдирүүсү Ирандын Душанбедеги элчилигинин алдында нааразылык акция өткөндөн үч күндөн кийин жарыяланууда. Анда ондогон адам Ирандын саясатына каршылыгын билдирген. Азырынча Тегерен ал акция боюнча эч кандай комментарий бере элек. Бирок 23-майда Ирандын куралдуу күчтөрүнүн курамындагы Ислам революциясынын сакчылар корпусуна жакын «Тасним» басылмасы нааразылык акциясын «жасалма» деп атаган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 6 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: