Menu

Президент Сооронбай Жээнбеков: “Аталардын таберигин аздектеп сактап, туу астында бирге, чогуу болуубуз абзел”

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 3-мартта кыргызстандыктарды Мамлекеттик туу күнү менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин аппаратынын басма сөз кызматы билдирди.

Мамлекет башчысынын куттуктоосунун тексти:

«Урматтуу мекендештерим!

Сиздерди Кыргыз Республикасынын мамлекеттик туусунун күнү менен куттуктайм!

Мамлекеттик туубуз — эгемен мамлекетибиздин атрибуттарынын бири, ар бирибиздин мекенге болгон атуулдук сезимибизди  чагылдырып турган символ.

Мамлекеттик туубузда кыргыз элинин биримдиги, өлкөбүздө жашаган жалпы мекендештерибиздин ынтымагы чагылдырылган.

Манас бабабыздан бери сакталып, муундан-муунга өтүп келаткан кызыл туубуздун бийикте желбиреп турушун камсыздоо — ар бирибиздин ыйык милдетибиз.

Аталардын таберигин аздектеп сактап, туу астында бирге, чогуу болуубуз абзел.

Биздин сыймыгыбыз болгон кызыл туубуз ачык асманда желбиреп, Кыргызстаныбыз өнүгүп-өсө берсин!

Сиздерге ден соолук, бакты-тааалай, ийгиликтерди каалайм.

Жараткан Кудай сүйүктүү Кыргызстаныбызды колдосун!»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 99 − 96 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: