Menu

Сегизбаев “документтер жасалма эмес” деди

Бөлүшүү:

УКМК төрагасы Абдил Сегизбаев Белизден келген “Ата-Мекендин” үч депутаты жөнүндөгү документтер жасалма эмес деди. Ал депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып “Ыкчам чаралардын негизинде документтер колубузга келип түштү.  Алардын бири Белиз өлкөсүнөн келип түшкөн документтер болду. Мен түшүнүп жатам, бул документтер айрым саясатчылардын аброюна катуу тийиши мүмкүн. Биздин колубузга тийген документти президенттин колуна тапшырбасам, анда мен чыккынчы болмокмун Президенттин алдында, силердин алдыңарда берген антымды бузган болом. Президент ал жерде эч кимдин атын атаган жок, Башкы прокурорго бул документтерди текшергиле деди. Айрым депутаттар УКМКга негизсиз сын айтып жатат. Максим Бакиевдин компаниясы мына ушул Белизде катталган экен.  Ал компания кыргыз саясатындагы алдуу, белдүү 3 кишиге 7-8 пайыздан  мурас калтырыптыр, ага ылайык, ал кишилер 51% акцияны да сатууга жардам берсин деген шарт ачык эле коюлуптур. Бизге бул документтер кайсыл жол менен келгенин айта албайм, анткени биз ал булактарды мындан ары да колдонобуз. Эртеби, кечпи мен ал булактарды айтып берем. Мен бул документтер бизге келип түшөт деп, ал документтер жасалма документ эмес болуп чыгат деп такыр ойлогон эмесмин, бирок ушундай болуп чыкты. 2010-жылдан кийин Елисеевге лицензиясын узартып берип жатышат, УКМК, ИИМ тарабынан издөөдө жүргөн кишиге Юстиция министрлигинин жетекчиси лицензиясын узартканы мага табышмак бойдон калды. Көрсө, Елисеев лицензиясын узартуу үчүн бир да документ чогултпаптыр, ал 2010-жылы өлкөдөн чыгып кеткен боюнча кайра кайтып келген эмес, анда анын ордуна ким арыз жазып, ким документ чогултту деген суроо жоопсуз калды” деп айтты. Шоунун финалдык чеги көп нерсени ачыкка чыгарчудай болуп калды. Елисеевдин лицензиясын Аида Салянова узартып бергени айтылган. Елисеев өзү мамлекетке келбесе, керектүү документтерди топтобосо лицензиясын кандай жол менен узартып берген? Табышмактуу суроолор эле көбөйүп барат. Эки тарап тең артка кетенчиктей турган өңдүү болбой калды. Оюндан от чыгат болбогой эле.

Булак: “Жаңы ордо”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 5 = 3

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: