Москванын борборунда жүздөгөн мусулмандар акцияга чыгышты. Алар Мьянмадагы рохинжа мусулмандарынын куугунтукка кабылышына нааразылыгын билдирип, “Аллаху акбар” деп кыйкырышты.
Мьянманын элчилиги алдында өткөн акцияга полиция кызматкерлери көз салып турушту.
Орусияда Мьянмадагы мусулмандардын куугунтукталышына Чеченстандын башчысы Рамзан Кадыров каршылыгын билдирүүдө. Бүгүн Грозныйда рохинжа мусулмандарын колдоо митинги өтөт деп күтүлүүдө. Бул тууралуу кечээ Москвадагы акцияда аты-жөнүн айтуудан баш тарткан Кадыровдун өкүлү билдирген.
“Кавказ.Реалии” басылмасы өз булактарына шилтеме кылуу менен Чеченстандын жашоочулары акцияга чыгууга милдеттендирилгенин кабарлоодо.
Жекшемби күнү рохинжа мусулмандарын колдогон жүрүш Дагестанда дагы болгон.
Орусиянын Тышкы иштер министрлигинен Москва Мьянмадагы окуягы тыкыр көз салып жатканын жана жаңжалдашкан тараптарды сүйлөшүүгө чакырарын билдиришти.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ