Menu

Мал уурдаган адам кармалды

Бөлүшүү:

Бул туралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

1-март күнү арыз менен Бишкек шаарынын Биринчи Май районунун ички иштер башкармалыгына Бишкек шаарынын 70 жаштагы тургуну Ш.Ш. кайрылган. Себеби 1-март күнү болжол менен саат 01:00дөр чамасында, арыз ээсинин короосунан белгисиз адамдар баасы 6500 сом турган бир баш коюн уурдап кетишкен. Бул окуя боюнча Бишкек шаарынын Биринчи Май районунун ички иштер башкармалыгынын, тергөө бөлүмүнүн кызматкери тарабынан Кыргыз Республикасынын кылмыш жаза кодексинин 165-беренесине ылайык (мал уурдоо) боюнча кылмыш иши козголууда.

Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук ички иштер башкармалыгынын, №8 шаардык милиция бөлүмүнүн, аймактык тескөөчүсү тарабынан, ыкчам иш-аракетинин негизинде, Бишкек шаарынын 28 жаштагы тургуну С.А. аттуу жаран кармалып, азыркы учурда Бишкек ШИИББнын убактылуу кармоочу жайына жеткизилип, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 69 = 72

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: