Шаар мэри Азиз Суракматовдун тапшырмасы боюнча жаңы конуштардын инфраструктурасын өнүктүрүү иштери улантылууда. Бул тууралуу бүгүн, 19-октябрда Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, Мурас Ордо конушундагы жаңы мектепти канализация тармагына туташтыра башталган.
Тармактардын узундугу 2318 метрди түзөт.
“Коомдук-мамлекеттик капиталдык курулуш башкармалыгынын өткөргөн конкурсунун жыйынтыгы менен “KBB” бөдрөтчү компаниясы жеңүүчү аныктады.
Келишим боюнча курулуш иштеринин наркы 6 миллион 447 миң 916 сомду түздү.
Жумушту 2020-жылдын декабрь айынын аягында бүтүрүүнү пландалууда.
Курулуш иштери шаар куруу жана архитектура боюнча вице-мэр Уланбек Азыгалиевдин көзөмөлү астында жүрүп жатат.
Ошондой эле, Кытай грантынын экинчи этабына ылайык, жакынкы аралыкта Мурас-Ордо конушунун кире беришиндеги жолду оңдоо пландаштырылууда, буга байланыштуу алдыда асфальтты казбаш үчүн жер астынан коммуникацияларды өткөрүлүүдө. Салык төлөөчүлөрдүн каражаттарын башка максаттарга жумшоого болбойт”,- деп айтылат билдирүүдө.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ