Коомдук ишмер Ишенбай Кадырбеков Жогорку Кеңешти катуу туздады. Кадырбеков эл өкүлдөрүнүн арасында парламент эмне экенин билишпегендер арбындыгын, көпчүлүгүнүн деңгээли биринчи класстын баласындай экенин айтып, «бүгүнкү «кошелок парламент» өлкө саясаты үчүн коркунучтуу» экенин билдирди. Бул тууралуу ал: «Азыркы парламенттин чоң катасы — өзүнүн ыйгарым укуктарын билбегендиги.
Кыргызстан — парламенттик өлкө. Конституция боюнча парламентке чоң ыйгарым укук берилген. Президенттен дагы, өкмөттөн дагы ыйгарым укугу чоң. Бирок иш жүзүндө эң үн катпаган, «кошелек парламент» ушу чакырылыш болду. Бул өтө өкүнүчтүү эле эмес, өлкө саясаты үчүн коркунучтуу… Үч жыл мурун жаңы парламент шайланып келди. 99 пайыз депутаттар парламент эмне экенин билишпейт эле. Өз ишин аткармак түгүл, 1-класска жаңы келген окуучудай», – деп сындады.
Булак: «Фабула»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ