Menu

Фото – Сокулук жана Тоң райондорунда жол кырсыктары катталып, бир адам каза болду

Бөлүшүү:

Сокулук жана Тоң райондорунда жол кырсыктары катталып, бир адам каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 3-июлда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Чүй облусунун Сокулук районунда 2-июль күнү саат 21:34 чамасында Асылбаш айылында “Жигули” үлгүсүндөгү унаа жолдон чыгып, быстротокко түшүп кеткен. Кырсыктын кесепетинен 1988-жылы туулган аял киши каза болуп, 1986-жылы туулган эркек жана 2013-жылы туулган жаш бала жабыркаган.

Куткаруучулар каза болгон жарандын сөөгүн унаадан чыгарып, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен. Ал эми жабыркаган жарандарды тез жардам кызматы райондук ооруканага жеткирген.

Ошондой эле, Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы Төрт-Гүл айылында 2-июль күнү саат 12:54 чамасында “Фольксваген-Туарег” үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулга ээ боло албай, унаа оодарылып кеткен. Кырсыктын кесепетинен унаанын айдоочусу 1983-жылы туулган жеңил жаракат алган. Куткаруучулары жабыркаган жаранды тез жардам кызматына өткөрүп беришкен.

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 4 + 4 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: