Menu

Ислам өнүктүрүү банкы Кыргызстанда коронавируска каршы күрөшүү үчүн дагы $15 млн бөлөт

Бөлүшүү:

Жогорку Кеңештин кечээ, 25-июндагы жыйында  депутаттар  “COVID-19га (1441H – 2020G) байланыштуу   каржылоо жөнүндө макулдашууга  белгилүү өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө Кыргыз Республикасы менен  Ислам өнүктүрүү  банкынын ортосундагы  Келишимди ратификациялоо  жөнүндөгү” мыйзам долбоорун биринчи окууда карашты. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.

КР Өкмөтү Ислам өнүктүрүү банкына COVID-19 пандемиясынын  кесепеттери менен  күрөшүү боюнча аракеттерге байланыштуу айрым чыгымдарды каржылоо өтүнүчү менен кайрылып, Ислам өнүктүрүү банкына үнөмдөлгөн каражаттарды COVID-19 пандемиясына  жооп катары көрүлгөн чараларга  байланыштуу  чыгымдарды каржылоого  пайдаланууну сунуштаган. Үнөмдөлгөн каражат  – 15 млн. АКШ доллары. Бул каражат  саламаттыкты сактоо системасын чыңдоого, ошондой эле  системанын  медициналык жардам көрсөтүү  даярдыгын өркүндөтүүгө, медициналык персонал жана пациенттер үчүн тобокелчиликтерди азайтууга  багытталат. Мыйзам долбоору добуш берүүгө жөнөтүлдү.

Жогорку Кеңеш  ошондой эле “Шардык өнүктүрүү”, “Айылдык суу менен камсыздоону жана санитарияны туруктуу өнүктүрүү”, “Айыл чарба өндүрүмдүүлүгүн жана  тамактанууну  жакшыртуу”, “Токой экосистемаларын  интеграцияланган башкаруу” долборлорун  каржылоо  жөнүндөгү  макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө”  Кыргыз Республикасы менен  Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын  ортосундагы, “Айылдык суу менен камсыздоону жана санитарияны туруктуу өнүктүрүү жана  Кыргыз Республакасы менен  эл аралык реконструциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы 2020-жылдын 19-июлунда  Бишкек шаарында кол коюлган  долбоорду кошумча каржылоо боюнча  мыйзам долбоорлорун карап, добуш берүүгө жиберди.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 2 + 3 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: