Кыргызгидромет борбору маалыматы боюнча, эртең, 3-июлда түнкүсүн Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде кыска мөөнөттүү жаан жаап, күн күркүрөйт, бийик тоолуу райондордо кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын болбойт.
Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Чүй, Ош, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт, бийик тоолуу райондордо кар жаайт. Чүй, Ош, Баткен облустарынын агрардык зоналарында жана Талас, Жалал-Абад облустарында жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с, айрым жерлерде 15-20 м/с чейин жетет.
Эртең абанын температурасы төмөндөгүдөй болот:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн: +12…+17, күндүз: +23… +28,
Таласта түнкүсүн: +8…+13, күндүз: +24…+29,
Баткенде түнкүсүн: +15… +20, күндүз: +30…+35,
Ош жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн: +15…+20, күндүз: +30…+35,
Ысык-Көлдө түнкүсүн: +6…+11, күндүз: +20…+25,
Нарында түнкүсүн: +7…+12, күндүз: +21…+26,
Бишкекте түнкүсүн +15…+17, күндүз: +26…+28.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ