Menu

Амир Закиров, «China trade experts» компаниясынын башкы директору: Бизнеске идеялар көп, бирок рынокко алып чыгуу туура жолго коюлбай келет

Бөлүшүү:

Каарманыбыз Кытайда 7-8 жыл иштеп келип, учурда өз тажрыйбасын жаш ишкерлер менен бөлүшүп, экономикабызга салым кошууга далалаттанган жаштардын бири.

– Үй-бүлөлүк бюджетти жакшыртуу үчүн ар бир жаш үй-бүлө кантип бизнес кылуу жолдорун ойлонушат. «Ишкерлик менен алектенсем» деп, бирок жол табалбай жүргөн жарандарга кандай кеңеш бере аласың?

– Биринчиден, адамдын жандүйнөсү эмнеге жакын, кайсы жагына шыгы бар – ошону аныкташ керек. Эгер сен жерге мыкты болсоң жер айдап, жер менен иштесең болот. Жүгөрү, семичке эгесиңби, ошонун жолун табыш керек. Соодага жакын болсоң кайсы тармагына кызыгасың, эмне сатсаң болот, ошону такташ керек. Биздин кыргыздар болсо «гезит ачсам болот» деп, же гезиттин ишин алып кете албайт. «Машина алып сатам» деген миндеген ишкерлер чыгат. Көпчүлүк эмне иш кылса, ошол жакка ооп кетет. Канчалык ал бизнеске адамдар көп кирип кетсе, тескерисинче, өндүрүмү төмөн болот. Ошондуктан көпчүлүк жасаганды эмес, элде жок ишкерликти таап чыгыш керек. Бизде курулуш өнүгүп, элдин баары курулушка кирип кетти эле, азыр баары токтоп калды.

– Тереңдетип айтсаң, кандай негиздерди келтирсек?..

– Көп нерсени, мисалы, чоң өндүрүштөрдү кылса болот. Бир гана көйгөй – идея бар, бирок аны өндүрүү, рынокко алып чыгуу туура жолго коюлбай жатат. Айталы, бирөө «мен биздин жерден дары чөптөрдү терип, чет өлкөгө өткөрсөм болот» дейт. Анан чөптү терет да, капка салып сактап тим коёт. Анан чет өлкөдөн келген кардарды ал чөптөрдүн көрүнүшү кызыктырбайт.

Аны терип, кургатып, атын коюп, патент алып, жабдууларды алып иштетип, таңгактап жасап сатса болот. Мисалы, чөптү чогултуп 1 килограммын 100 сомго сатсаңыз, ал эми аты коюлган, таңгакталган, иштетилген чөптүн 100 эле граммын 100 сомго сатасыз. Кыргызстанда ушундай дары чөптөр менен алектене турган ишкер болсо чет өлкөгө дары чөптөрдү экспорттогон компаниялар менен кызматташы керек. Анан инвестор менен иштеши шарт. Инвестор жөн эле сөзгө келбейт. Сөзсүз бир документке, келишимге келет. Бизде ишкерлер «мына, жерим бар, мейманкана салышым керек» дейт. «Жериңдин сметасы кана, канча жылга берилген, кызыл китеби барбы, кандай киреше табыш керек?» деген суроолор коюлат. Ошого даяр болуш керек. Идея көп, бирок адистер жок. Маалымат жетишпейт. Малайзия, Сингапур, Кытай сыяктуу канча деген эли бар чоң мамлекеттер элин багып жатышат. Биз деле алты миллион элибизди алаканыбызга салып баксак болот.

Жамиля Нурманбетова

Булак: «Азия ньюс»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 74 = 82

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: