Menu

Ысык-Көл ОИИБ: «Тилеке каршы, биздин жарандарыбыз коронавирус илдетинин коркунучун көӊүлгө албай жатышат»

Бөлүшүү:

COVID-19 инфекциялык илдетинин жайылышынын алгачкы күндөрүнөн баштап, Ысык-Көл областтык ички иштер башкармалыгы, аймакта эпидемиологиялык абалы кандайча өрчүп жаткандыгына ар дайым мониторинг жүргүзүп келүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 20-октябрда Ысык-Көл ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, тийиштүү бийликтин аткаруу органдары менен бирдикте жугушту илдетинин алдын алуу боюнча тынымсыз иш чараларды иштеп чыгышып, аны турмушка ашырууда бардык күч аракеттерин жумшоодо.

Учурда, башкармалыктын жер-жерлердеги бөлүмдөрүнүн кайгуул-күзөт кызматынын жана аймактык өкүлдөрүнүн милиция кызматкерлери, эпидемиологиялык абалы туруксуз мамлекеттерден облуска келген адамдардын өздүктөрүн аныктоо үчүн тийиштүү иштерди колго алышууда.

Саламаттыкты сактоо мекемелеринин өкүлдөрүнө, аныкталган адамдар тарабынан карантиндик чектөөлөрдүн талаптарын аткарылышы боюнча жакындан жакын көмөк көрсөтүшүүдө.

Карантиндик чектөөлөрдүн талаптарын аткарбаган адамдарды жоопкерчилике тартуу боюнча иштер да активдүү колго алынууда.

Көчөлөрдө жана коомдук жайларда, анын ичинде обсервация пунктарында жана дарылоо мекемелеринде коомдук тартипти сактоо ищтери үзгүлтүксүз жүргүзүлүп келүүдө. Коронавирус инфекциялык илдетин жугузуп албоо максатында жергиликтүү тургундар арасында санитардык эрежелерди сактоо боюнча түшүндүрүү иштери турмушка ашырылууда.

Аталган иш чараларга катышып жаткан милиция кызматкерлеринин айтымында, облустун тургундарынын дээрлик бөлүгү, жакында эле, коронавирус илдетинен улам, канчалаган адамдар өз өмүрлөрү менен кош айтышкан кайгылуу учурларды унутта калтырышып, эстеринен чыгарышууда.

COVID-19 оорусу – бүгүнкү күндө да, өтө актуалдуу. Саламаттыкты сактоо министрлигинин күнүмдүк маалыматына көӊүл бурсак, коронавирус илдетине чалдыккан адамдардын саны, күндөн күнгө өсүүдө. Ушундан улам, Ысык-Көл областтык ички иштер башкармалыгы, жергиликтүү тургундарды жоопкерчиликтүү болуп, санитардык эрежелерди сактоо боюнча медицина кызматкерлеринин берген кеӊештерин кыйшаюсуз аткарууга чакырууда.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 24 + = 25

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: