Menu

Эдил Байсалов: “КСДПнын лидери Иса Өмүркулов 2013-жылы Бишкек мэри болуп турганда миллиондогон долларга бааланган “Бишкек-парктын” 25% ын аялына Белиздеги оффшорго каттатып алган, Атамбаев, Сегизбаев муну эмнеге текшертпейт?”

Бөлүшүү:

Бул тууралу “Азаттык” радиосунун “Арай көз чарай” берүүсүнүн 17-ноябрдагы чыгарылышында КСДПнын экс-мүчөсү, 2010-жылдагы Убактылуу өкмөттүн төрайымынын аппарат жетекчиси, азыр коомдук ишмер Эдил Байсалов КСДПчы депутат Рыскелди Момбековдун, журналист Бакыт Асановдун катышуусунда билдирди.

Эдил Байсалов, саясатчы: 2012-жылы Жогорку Кеңештеги килейген “Ата-Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев, генпрокурор Аида Салянова жана Юстиция министри Алманбет Шыкмаматов Белиздеги траст боюнча “Мегаком” ишканасын саттырам деп бирөөгө убада кылган деп аларды бийлик айыптап жатат. Бирок саттыра алган эмес дейт. Айткылачы, Текебаев Жогорку Кеңеште же башка бир жерде Мегакомду саткыла деп айткан бир сөзү бар бекен? Ошого аракет кылган бекен? Андай сөз жок да, кылмыш курамы жок да. Бирок, кылмыш курамы башка жерде бар – КСДП фракциясынын лидери, сиздин партиялашыңыз, Алмаз Атамбаевдин таянган досу Иса Өмүркуловдун аялы 2013-жылы, жолдошу Бишкек шаарына мэр болуп турганда дал ошол Белиздеги оффшордо катталган килейген “Бишкек-парк” ишканасынын 25%ына ээ болгонун кечээ “24.kg” маалымат агенттиги жана башка массалык маалымат каражаттары жазып чыкты. Алмаз Атамбаев менен Абдил Сегизбаев оффшорлордун баарын текшертем дейт, эмнге муну текшертпейт? Бул жерде кылмыш курамы болуп жатат, Өмүркулов оффшорго барып, өзүнүн Кыргызстандагы ишканадагы энчисин жашырып каттатып жатат. Бул аракет ишке ашып, ишкана иштеп жатат. Ал эми Текебаевдердегидей “муну кылып койсоң эртен же бүрсүгүнү тигини берем” деген, али ишке ашпаган сөз эмес. Так ошол эле Белизде Өмүркулов Бишкекте мэр болуп турганда килейген, миллиондогон долларларга бааланган “Бишкек-парк” ишканасынын 25%ы Иса Өмүркуловдун аялына жашыруун катталып, ошондон бери иштеп жатат. Эмне себептен Абдил Сегизбаев муну текшерүүгө жүгүрбөйт? Эмне себептен Алмаз Атамбаев бул факты боюнча генпрокурор Индира Жолдубаевага тапшырма берип текшертпейт?

Бакыт Асанов, журналист: (Рыскелди Момбековго)  Ушул маселени көтөрүүгө силердин эркиңер жетеби?

Рыскелди Момбеков, КСДПчы депутат: Мындай маалыматты мен уккан жокмун. Эгер мындай маселе боло турган болсо ошол кызыкдар депутаттар бул маселени көтөрүп, депутаттык комиссия аркылуу текшертсе болот да…

Бакыт Асанов, журналист: Эгер чын эле мыйзамдуулукту калыбына келтирели десек, анда ошол Иса Өмүркуловдун Белиздеги “Бишкек-парк” ишканасындагы үлүшү тууралу маселени эртең парламенттен көтөрүүгө сиздердин эркиңер жетеби?

Рыскелди Момбеков, КСДПчы депутат: Жок. Эмне үчүн эркибиз жетпейт. Ал кишинин өзүнүн деле эрки жетет. Бизге айттырбай эле ал киши эртең маалымат жыйын өткөрүп, ал иш боюнча чындыгын айтыш керек да. Сен тууралу маселе чыгып жатса сен унчукпай олтурсаң кайсы логикага жатат?

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 6

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: