Жогорку Кеӊеш Кыргызстанга келген чет өлкөлүк жарандардын 5 күндүн ичинде милдеттүү түрдө катталышы жөнүндөгү мыйзамдык ченемди кайра карашы мүмкүн. Мыйзам долбоору шашылыш жана чийки даярдалып калганын мезгил өзү көрсөтүүдө. Бул тууралуу депутат Экмат Бакбакпаев Жогорку Кеӊештин Пресс-борборундагы журналисттер менен болгон жолугушуу жүрүшүндө билдирди.
«Туристтер Кыргызстанга эмне максат менен келгенин эмес, беш күндүн ичинде кайсы жерде каттоодон өтөрүн, антпесе олчойгон айып төлөп каларын ойлоп санааркайт. Ошол кантип эс алуу болсун. Албетте, жалпы депутаттар ушундай пикирде дегенден алысмын, бирок мен чет өлкөлүк жарандардын милдеттүү түрдө катталышы жөнүндөгү маселеге кайра бир кайрылышыбыз керек деген ойдомун», – деп кошумчалады эл өкүлү.
Андан сырткары, депутат вице-премьер-министрлеринин бирине Евразия экономикалык бирлигине мүчө-мамлекеттер менен Кыргызстандын ортосундагы талаш маселелерди чечүү милдетин тагууну сунуштады. «Азыр Кыргызстан ЕАЭБ курамына кошулуу кыйынчылыгын баштан кечирүүдө. Көптөгөн мыйзам долбоорлору даярдалууда. Теориялык жактан туура жазылган, бирок иш жүзүндө андай болбой жатканын көрүп турабыз. Иштеш керек. Вице-премьер-министрлеринин бирине ошондой кыйчалыш маселелерди чечүү милдетин жүктөө зарыл», – деди ал.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ