Menu

Улуттук энергохолдинг насыяларды жабуу үчүн тарифтерди көтөрүшү мүмкүн

Бөлүшүү:

Улуттук энергохолдингде насыя төлөөгө туш келген эң оор  убакытка каражат жок. Бул тууралуу бүгүн, 15-ноябрда парламенттик отурумда аталган мекеменин жетекчиси Азамат Абдыкадыров билдирди.

Анын айтымында, азыркы учурда энергетика тармагы 20,1 миллиард сом киреше алып турат. Бирок 5-6 жылдан кийин мекемеге насыяларды жабуу үчүн 11 миллиард сом керектелет. Мынча каражат ишканада жок.

“Бул өтө оор маселе, төлөөго каражат жок. Биз өкмөткө бир катар сунуштарды киргиздик, аларды карап, иштеп чыгып программа түзүп жатабыз. Бирок кайрадан эле тарифтерге кайрылабыз. Өзүбүздө дагы толук оптимизациялоо жүргүп, 4 миллиард сом табабыз,” – деп билдирген Азамат Абдыкадыров.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев техникалык жана коммерциялык жоготууларды, мамлекеттик сатып алууларды жана мүлктөрдү изилдеп чыгуу зарыл экендигин белгилеген.

“Тарифтерди көтөрүш үчүн алгач элдин ишенимин акташ керек.  Аталган тармакта жаңы жетекчилер иштеп жатышат. 2019-жылы электр энергия менен эмне кылаарыбызды алар чечиши керек. Көйгөйлөрдү чечүү үчүн реформаларды жүргүзөбүз,” – деп айткан Өкмөт башчы.

Булак:KyrgyzToday

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 33 + = 41

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: