Бүгүн, 28-январь күнү Кыргызстандын экс-президенти Алмазбек Атамбаев Бириккен Араб Эмираттарына учуп кетти. Бул тууралуу “Манас” эл аралык аэропортундагы күбөлөр билдирди. Бул маалыматты КСДП фракциясынан тастыктап, Атамбаев кыска мөөнөткө өргүү алганын кошумчалаган.
Алмазбек Атамбаев өзүнүн үй-бүлөсү менен бир жума эс алып кайра кайтат. Маалым болгондой буга чейин экс-президент Индияга эс алууга бара турган болгон, бирок ал сапары башка күнгө жылдырылган. Бул тууралуу маалыматты КСДПнын өкүлү Кундуз Жолдубаева өзүнүн Facebook баракчасына жазып чыккан. Белгилүү болгондой Атамбаев 11-январь күнү Гоага эс алууга учуп кетмек. Андан кийин өргүүнүн күнү жана эс алуучу жайы да алмашкан.
Булак: “KyrgyzToday”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ