Menu

Депутат Махабат Мавлянова: «Бирдиктүү терезелер уюштурулса, курулушка уруксат алуу документтерин топтоо убактысы анчалык деле узармак эмес»

Бөлүшүү:

Эгерде курулушка документтерди өз маалында алуу үчүн бирдиктүү терезелер уюштурулса, курулушка уруксат алуу документтерин топтоо убактысы анчалык деле узармак эмес, тилекке каршы, азыр андай болбой жатат. Бул тууралуу Жогорку Кеӊештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин төрайымы Махабат Мавлянова «Кыргыз Республикасынын курулуш чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоорун талкуулоого арналган парламенттик угуу жүрүшүндө билдирди. Бул тууралуу Жогорку Кеӊештин Басма сөз кызматы маалымдайт.

Ал эми Архитектура, курулуш жана турак жай коммуналдык чарба агенттигинин директорунун орун басары Мирбек Акматалиев бул мыйзам долбоору мурда кабыл алынып, бирок Президенттин каршы пикири менен кайтарылып берилген. «Азыр ал эске алынып, мыйзам долбоору кайрадан иштелип чыгуу менен, парламенттин кароосуна киргизилди. Курулушчулар объектилердин долбоордук документацияларын макулдашууда бир катар кыйынчылыктарга учурашат. Долбоорлоо жана куруу жүрүмдөрүн айкалыштыруу аркылуу курулушту этап-этабы менен жүргүзүү убакытты кыйла кыскартат», – деди ал.

Андан тышкары, сунушталган мыйзам долбоорунун 33-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык, анын күчүнө кирүүсү менен, мыйзамда каралбаган иш-аракеттерди, иштин түрлөрүн, операцияларды лицензиялык жөнгө салуу жол-жоболору алып салынат. «Ушуга байланыштуу “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” мыйзамынын 32-беренесине ылайык, мыйзам долбоору менен “курулушка уруксат берүү” жол-жобосун алып салуу сунуш кылынууда», – деп кошумчалады ал.

Белгилей кетсек, Жогорку Кеӊеште Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин демилгеси менен «Кыргыз Республикасынын курулуш чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоорун талкуулоого арналган парламенттик угуу өтүүдө. Иш-чарага депутаттар, мамлекеттик органдар менен мекемелердин, курулуш жана ишкердик чөйрөсүнүн өкүлдөрү катышып жатат.

 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 41 − 38 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: