Menu

Дастан Бекешев президенттин аппаратынын жетекчисинин орун басары Бектур Зулпиевди жоопко тартууну талап кылды

Бөлүшүү:

Депутат Дастан Бекешев президенттин аппаратынын жетекчисинин орун басары Бектур Зулпиевди жоопко тартууну талап кылды. Бул тууралуу ал бүгүн, 20-ноябрда Facebook баракчасына жазып чыкты.

Анын айтымында, Бектур Зулпиев коомдук талкууга коюлган Баш мыйзам долбоорун иштеп чыгууга кийлигишкен.

“Ага кылмыш иши козголушу керек. Мен Башкы прокуратурага арыз жаздым”, – деди Дастан Бекешев.

Эскерте кетсек, 17-ноябрда президенттин пайдасына жаңы ченемдерди киргизген Конституциянын долбоорун коомдук талкууга 80 депутаттан турган топ сунуштаган. Референдумду президенттик шайлоо менен кошо 10-январда өткөрүү сунушталууда, бирок буга чейин эксперттер Конституциянын долбоорун даярдоо жана аны кабыл алуу татаал процедура жана алты айга созулушу мүмкүн деп түшүндүрүшкөн. Ошол эле учурда, депутаттар өздөрү документти ар тараптуу изилдебестен, өз колун койгонун жана тексттин автору ким экендигин билбей тургандыгын моюнга алышкан.

Ал эми бүгүн, 20-ноябрда Бишкекте Баш мыйзамдын долбоору боюнча түзүлгөн Конституциялык кеңешменин алгачкы жыйыны өттү. Ага кеңешмеге мүчө болгон 89 киши катышты. Юридика илимдеринин доктору Бекбосун Бөрүбашев аталган кеңешмеге төрагалык кылды.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 57 − 47 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: