Menu

Бекен Назаралиев: “Кесиптештерге кат. “Сарттарды” мазактаган Сартбаев… же “Карышкыр” кантип чөөгө айланган…”

Бөлүшүү:

Өткөн жумада жарык көргөн “Азия ньюс” гезитинин 2017-жылдын 19-январындагы № 03 (187) санына жарыяланган “Пул чыккан жерден машкеге айланган Курсан Асановбу?” деген чычкандын куйругундай болгон чакан макаланы окуп, Аслан иниме жооп жазып коюууну туура көрдүм.

Туура көрсөң, журналистикада сенден бир нече көйнөк мурун жырткан калемгер агаң катары пикиримди айтып коюууну туура көрдүм. Курсанды сында, ага эч кимдин деле каршылыгы жок. Аны “апельсин генерал” деп кемсинтип, келекелеп, шылдыңдоого сага андай укукту эч ким берген да эмес. “Элдик генерал” деген жогорку бааны карапайым эл берип жатат. Ал ошого татыктуу.

ММКны төртүнчү бийлик деп бекер жеринен айтышпаса керек. Албетте биздин колубузда чоң курал бар. Ал биздин ручка. Аны мен дайыма врачтардын скальпелине салыштырам. Эч нерсеге жарабай калган эски гезит да чымын өлтүргөнгө жарайт.

Аслан эми сен, адам өмүрү менен ойноп жатасың. Сага окшогон “тентек” журналист бир гезитке “Пул чыккан жерден машкеге айланган Аслан Сартбаев!” деп ийне жегендей арык иттин башына сенин сүрөтүңдү коюп коллаж жасап чыгарса кандай абалда калат элең? Жатып алып, ичиңди тырмап, жыргап күлбөсөң керек! Бул кара ниеттик менен жасалган коллаж деп ачык эле айтат элем. Менимче, сенин алаканыңды бирөө-жарым акча менен “жылытып”, Курсан Асановду бир боктоп бер деп сурангандыр. Андай болбосо, Курсан Асановго мынчалык жек көрүүң кайдан пайда болуп отурат? Мен ошого таңмын. Ылайым мен жаңылып калайын. Курсан Асанов коргоого муктаж эмес. Ал өзүн коргой ала турган адамдардан. Ошон үчүн сенин алдыңа өзү коркпой барып жатат. Анткени ал өзүнө ишенген жигит. Кыргыз журналистикасын кийинки муундагылар “рэкеттикке”, акча сындырмайга айландырып бара жаткандай сезилет. Албетте бул жаман көрүнүш.

Аслан иним, мен Курсан Асановду Оштогу ОМОНдун сержанты болуп жүргөн кезинен бери билем. Кыргыз эли террорист эмне экени жөнүндө түшүнүгү жок кезде террористти жалгыз өзү барып кармаган жигит. Башка эрдиктери туурасында айтпай эле турайын. Эми гана элибиз унутуп бараткан Ош, Жалал-Абаддагы кандуу окуяны бир эстеп көрчү. Ошто кан күйүп жатканда сен дайыма поктоп жүргөн Сооронбай Жээнбеков, сен “итке” теңеп жазган Курсан Асанов ж. б. түштүк жергесиндеги трагедияны токтотуп, тынчтык мезгилди алып келгендердин көч башында тургандар. Элди чоң алааматтан сактап калган ушулар эмес беле… Ушулардын баатырлыгына, улуттун, журттун башына кайгылуу иш түшкөндө өз баштарын баталага байлап коюп, керек болсо мамлекеттүүлүгүбүздү сактап калганын айткың келбейт. Эмнеге ичиң таарыйт? Андан башка өчүң бардай шылдыңдап жазып келген Ахматбек Келдибеков, Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаровду даңазалабайсың! Камчы Ташиев көкүрөгүн тосуп, Сузак кыштагын сактап калган. Эгер Ташиев башын өлүмгө сайып койбогондо тоодон түшүп келген “тоолуктар” Сузак айылын жер менен жексен кылып, тегиздеп салмак. Бул чындык!

Гезитиңердеги чыккан макалаларды карап турсам, жалаң түштүктөн чыккан башы көтөрүлүп бараткан жигиттерди гана боктоо, каралоо гана жүрөт. Аслан иним, сен али жашсың токтот, мындай каразгөйлүктүн кимге кереги бар. Трайбализм оорусу менен ооруба. Орукчан болуп каласың. Башкасын айтпайын, ушул эле гезиттин бетинде накта элибизди бөлүп-жарып, “түштүктөн чыккан аттуу-баштуу жигиттерин, аксакалдарын боктоо менен башталганын окудум. Курсан Асановдун үстүнөн жугунду куюп жиберипсиң, “Үсөн Сыдыков аркалыктарды кемсинткенде…”, “Акматбек Келдибеков үзөңгүлөшү Адахан Мадумаровду “кидайт” этип, өзүнчө штаб түзө баштады”, “Кошоматчы Мадеминов Жогорку Кеңеште качан куулат?, “Кандуу бийликтин жактоочусу Ормонов акыры Атамбаевдин колтугуна кирип кеткенде”, ошондой эле Наргозуевди боктогон “Карышкырдын” маеги, андан башка Алтынбек Сулайманов менен Рустам Мамановду кагыштыра албай, убара болуп келаткандай көрүнгөн макалалар жарыяланган. Түштүктөгүлөрдөн алалбай жаткан эмне өчүң бар, Аслан иним! Айтчы? Бир жолу өзүңө да ”Аслан, өзүң Сарттын уулу болуп туруп сарттарга эмне өчүң бар?” деп айткан элем. Ушунчалык да киндиктен ылдый түшөсүңбү? Дагы бир “түштүктүк” Самсаалы Четинбаевди тапанча менен ата коём деп “параша” жеп да келдиң го. Акылыңа келип, токтоно турган деле болуп калдың го. Жаш деле эмессиң. Эми токто!

Сабыр Муканбетовго “Карышкырга” да өзүнчө айтар кебим бар.

Медакадемияда мугалим болуп иштеген Дөөталиевага жан тарткандай болуп сөз баштаптыр. Иш бөлмөмдө иштеп отурсам Баян Кулова кирип “Акаевден кутулдук, эми бекем турабыз, 25 жыл бийликке аркалыктарды жолотпойбуз”- деп Үсөн аке үкалары менен жыйын курганда сиз Үсөн Сыдыковдун жанында болгон белеңиз деп сурап калды. “Ким айтты?” десем “Сабыр Муканбетов”- деп айтты. “Мен Үсөн Сыдыковду Базар-Коргонго райкомдун биринчи катчысы болуп келген күндөн бери билем. Турдакун Усубалиев кыраакы жетекчи болгон. Отуз жаштын ар жак, бер жагындагы Үсөн Сыдыковду жаңыдан түзүлгөн Базар-Коргон районуна жетекчиликке койгон. Кийин Кыргызстандагы эл өтө жыш (360 000 миңден ашык) жайгашкан, республикадагы эң чоң Кара-Суу районун, Ош областын башкарган, Кыргызстандын Казакстандагы алгачкы элчиси, КМШ мамлекетинде, ЖКнын бир нече жолку депутаты болуп иштеген адам. Сабыр Муканбетов ал сөздү кайдан укканын мен билбейт экем. Көрүнүктүү коомдук саясый ишмер катары, ушундай ыплас, элди бөлүп жарган сөздү айткыдай Үсөн Сыдыков эмне сары ооз балапан беле?

Мен жүз пайызга ишеним менен айта алам. Үсөн Сыдыков мындай сөздү айткан эмес. Бул баягы эле Асландын “Адахан Мадумаров президент болуп калсам аркалыктарды 50 жыл тачке сүйрөтөм!”- деп жаза коюп, соттон далилдей албай, утулуп калгандай эле кеп. Кемел Ашыралиев “Үсөн Сыдыков кадр саясатына келгенден бери Акүйдүн ичи галош жыттанып калды”- деп кыйынсынганы менен саясатта Үсөн Сыдыковдой боло албай койду го. “Галош”деп кагазга ороп отурбай “сарттар” деп ачык айтса болмок экен. Балким, Кемел аксакалдын Үсөн Сыдыковго ич күйдүүлүгү бардыр. Териштирип отургум келбейт. Сабыр Муканбетов сенин деле жаштыгың калган жок го.

Аслан иним менен Сабырдын (Карышкыр) кайрадан баштары биригип калганына таңмын. Бет карашкыс окуя болгон. Бүгүн болсо, экөө азыр сиам эгиздериндей бирге болуп алышыптыр. Таң калып деле болбой калды. Бир ирет, Акмат Келдибеков менен Эльмурза Сатыбалдиев экөө Басма сөз күнүнө карата Бишкектеги эң престиждүү делген ресторандардын биринде сый тамак берип калды. Башталганда бизден бир аз улуу деп Сабыр Мукамбетовго “Карышкырга сөз берилет!”- деп жарыялаганда Аслан иним отурган жеринен тура калып “Сабыр деген карышкыр эмес ал “Чөө”, “Шакал!” “эркек эмессиң, катынсың!”- деп кыйкырып аны урам деп жулкуна баштады. Теңелбейин дедиби Сабыр Муканбетов үн катпады. Аслан уят сөздөр менен “Карышкырды” тебелеп салды. Мен “Аслан, бул жерде Сабыр экөөң эле отурган жоксуңар да. Сен экөөңдөн башка кыздар, жаш журналисттер отурат. Уят эмеспи!”- деп айттым. Менден кийин Эльмурза Сатыбалдиев “Аслан токтот! Экөөң эркек болсоңор эшикке чыккыла! Каалашыңарча мушташкыла!”- деп сыртка чыгарып жиберди. Көптөн кийин экөө эрчишип киришти. Бирөөнүн мурду сынып, экинчисинин көзү көгөргөн эмес. Анчалыкка баргандан кийин жаңжалга чекит коюш керек эле.

Аслан иним, “Карышкыр”, элди экиге бөлүп, “фейсбуктагы” ыпыр-сыпырыңарды гезит бетине алып чыкпай эле койгулачы. Элди бөлүп- жарып, от менен ойнобогула! Эсиңер барда этегиңерди жапкыла. Азырынча айтарым ушул…

Силерди урматтоо менен

Бекен Назаралиев

Булак: “Жаңы ордо

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 73 + = 81

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: