Эпидемиологиялык кырдаал турукташканга чейин Кыргызстандын мечиттеринде жума намазын өткөрүүгө убактылуу тыюу салынат. Бул тууралуу Кыргызстан дин башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Ошол эле учурда мечиттерде иштөөгө уруксат берилген. Беш убак намаз мечиттерде сактык чараларын көрүү жана аралыктарды сактоо менен окула берет.
Ал эми жаназа намаздары маркумдун жакын туугандарынын жана аз кишинин катышуусунда үйлөрдө окулуусу сунушталат.
Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ