Menu

АКШ талибдер менен сүйлөшүүдө олуттуу прогресс болгонун тастыктады

Бөлүшүү:

Ооган жергесинде тынчтык орнотууну көздөгөн АКШ менен “Талибан” кыймылынын сүйлөшүүлөрү “олуттуу прогресске” жеткени маалым болду. Бул тууралуу АКШнын атайын чабарманы Залман Халилзад 27-январда Кабулга кайтып баргандан кийин билдирди. Ал Катардын башкалаасы Дохада алты күндүк сүйлөшүүгө катышты.

Халилзаддын белгилешинче, талибдер менен келишимге кол коюлган жок, бирок ал жакында ишке ашат. “Мурдагы сүйлөшүүлөргө салыштырмалуу бул жолугушуу натыйжалуу болду. Өтө маанилүү маселелер боюнча олуттуу прогресске жетиштик” деди атайын чабарман.

Reuters агенттиги өз булагына таянып, АКШ менен “Талибан” кыймылынын өкүлдөрү америкалык аскер күчтөрүн Ооганстандан чыгарып кетүүнү макулдашканын кабарлады. Сүйлөшүүнүн катышуучулары тынчтык макулдашуусунун алгачкы вариантын түзүшкөнү дагы белгилүү болду.

Мамлекеттик департамент Доха шаарында Халилзад “Талибандын” өкүлдөрү менен кездешкенин өткөн аптада билдирди. Тышкы иштер мекемесинин басма сөз катчысы сүйлөшүүлөргө Кошмо Штаттардын “мекеме аралык тобу” да катышып жатканын айткан.

“Талибан” кыймылынын басма сөз катчысы Забиулла Мужахиддин 21-январдан бери Дохада сүйлөшүү жүрүп жатканын ырастаган.

Акыркы маалыматка караганда, Ооганстандын 40% кем эмес аймагын “Талибан” көзөмөлдөп турат.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 33 + = 42

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: