Автотранспортту каттоо жана айдоочулук күбөлүк берүү департаментинин Бишкек шаардык бөлүмүнүн мурдагы башчысы Насирбек Алмаматовго Интерпол аркылуу эл аралык издөө жарыяланды. Бул тууралуу бүгүн, 28-январда Бишкектин Октябрь райондук милициясы журналисттерге билдирди.
Эске сала кетсек, УКМК Насирбек Алмаматовду «автоунааларды каттоо жана кайра каттоо иштеринде, айдоочулук күбөлүк берүүдө (ал автотранспортторду каттоодо, автомектептердин окуучулары сынак тапшырганда күнүгө 100 миң сомго чейин пара алып турган деп айыпталган – авт.) коррупциялык схема түзгөн» деп айыптап, атайын видеотасманы жарыялаган. Ошонун негизинде, ал 2018-жылдын 2-ноябрында кармалып, камалган. Анын баш коргоо чарасын Октябрь райондук соту 25-мартта карап, 12,5 жылга кескен. Бирок, Бишкек шаардык соту 9-июлунда ал өкүмдү жокко чыгарып, 3 миллион 300 миң айып пул салуу менен аны үй камагына чыгарган. Кийин Октябрь райондук прокуратурасы Бишкек шаардык соттун чечиминин үстүнөн кассациялык арыз жазган. 30-октябрда Жогорку сот Бишкек шаардык сотунун чыгарган өкүмүн жокко чыгарып, Октябрь райондук сотунун жарыялаган өкүмүн күчүндө калтырган. Жогорку Соттун чечими менен Н. Алмаматов кайра камалышы керек болчу. Кайра камалаарда ал жоголуп кетип, ага издөө жарыяланган. Ага алгач Кыргызстанда, андан кийин КМШ аймагында мамлекет аралык издөө жарыяланган.
Быйыл, 24-январда президент Сооронбай Жээнбеков Коопсуздук кеңешинин кезектеги жыйынында Н.Алмаматов эркиндикке чыгып, качып кеткенин айтып, бул ишке сот менен прокуратура аралашканын баса белгилеген. Президенттин мындай сынынан кийин, Алмаматовду үй камагына чыгарууну суранган мамлекеттик прокурор Белек Рыскулов кечээ, 27-январда кызматынан алынган.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ