Бүгүн, 31-июльда ыйгарым укуктуу өкүл Кыянбек Сатыбалдиев, өкүлдүн экинчи орун басары Ырысбек Ызабеков жана Жалал-Абад шаарынын биринчи вице-мэри Турдалы Темирбаев баштаган бир топ жетекчилер шаардын аймагында курулуп жаткан заманбап мал соючу цехке барып, ал жер менен таанышып кайтты. Облус жана шаар жетекчилерин жеке ишкер Абдыкасым Кушбаков тосуп алып, заманбап мал союучу жайдын курулуш иштерин көрсөттү. Бул туралуу Жалал-Абад шаарынын маалыматтык борбору билдирди.
-Негизи бүгүнкү күнү шаар боюнча жана облус боюнча жакшы бир саамалык болууда. Анткени мындай заманбап мал соючу жай алгачкы ирет курулууда. Мында негизинен жеке ишкерге ыраазычык билдирип кетүү керек. Долбоордун негизинде Айыл банктан 10миллион доллар акча каражатын алып курулуш иштерин баштаптыр. Негизи мындагы сметанын баасы 16миллион долларды түзөт. Биз бул жакка келип бир топ көйгөйлөрдү көрдүк, алсак электр энергиясы жетпейт экен, биз бул маселени карап чечип берүүгө аракеттенебиз,-дейт ал.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ