Menu

Улуттук банкта уят барбы?

Бөлүшүү:

Өзгөчө ыкмалары бар укук коргоочу Өндүрүш Токтонасыров коомчулук мындан 2-3 ай мурун катуу талкууга алып, бирок жыйынтык чыкпагандан улам унутулуп бараткан маселени кайрадан эске салды. Ал үчүн ага рахмат айтышыбыз керек. Айтсак, Өндүрүш мырза, Ак үй алдына бул ирет 200 сомдукка айтылуу акын Алыкул Осмоновдун көзү чалыр болуп басылып алган сүрөтүн оңдоо талабы менен чыккан. Бирок анын жанында паспорту жок болгондуктан милициялар күчкө салып алып кетишкен. Чынында улуу акындын соо көзүн чалыр кылып салган Улуттук банкта уят барбы? Бул маселе ушул бойдон калбашы зарыл. Кандай шылтоо айтылбасын, акчадагы акындын сүрөтү талапка ылайык ондолушу абзел. Коомчулук да бул маселени көз жаздымда калтырбашы керек.

Булак: “Багыт.kg”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 6 = 4

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: