Батыштын акчасына сайраган укук коргоочулардан мекенчилдиги, абийирдүүлүгү менен айырмаланган «Бейөкмөт уюмдарынын ассоциациясынын» төрайымы Токтайым Үмөталиева жакында Европанын Варшава шаарында ОБСЕ уюштурган иш-чарага катышып, анда Кыргызстандагы саясий куугунтуктар боюнча доклад жасады. Кызыгы, Токтайым эже карапайым калк арасындагы айрым укук бузуу фактыларын көтөрбөй, Сапар Исаков менен Өмүрбек Бабановдун тагдыры туурасында сөз кылыптыр. Бул эмнеси? Куугунтук жеген ушул экөөсү элеби? Же, Сапаш менен Өмкө алакан майлап, Уметалиеванын жолго сарпталган акчасын көтөрүп бергенби? Эгер ушул темп менен жүрүп отурса укук коргоочулардын иши жакын арада бизнеске айланып калбайбы?
Булак: «Мантыш»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ