Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда Айбек Айылчиев деген алдамчыны соттоп жатат. Ал неме өзүн политологмун деп тааныштырып, дунгандардын жаштар ассоциациясын түзгөнгө жардам берем деп, алардын 116 миң долларын алдап алып качып кетип, бирок көп өтпөй кармалган. Бул жөнүндө жапа чеккендердин адвокаты Бактыбек Жумашев билдирди. Айылчиев күнөөсүн моюнга албай жаткан экен. Соттук иштин жүрүшүндө Айылчиев дагы бир катар алдамчылык иштерди жасаган деп шектелип жатат.
Булак: «Багыт»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ