Өкмөттүн социалдык тармагын жетектеген вице-премьер-министри Чолпон Султанбекова бизнестен бийликке карай секирик жасаган эле, бирок иштин көзүн табалбай учурда кыйналып турганы эч кимге жашыруун «бовой» калды. Өткөндө кароосуз калган жетим балдар үйлөрүн кыдырымыш этип, алар боюнча маселени көтөрүмүш этип, анан эле жымжырттыкка карай сүңгүп кетти. Иштен тажадыбы же өзү айткан кабат үйлөрдө жашап жип минген директорлорго «алаканын» майлатып алдыбы, айтор үнү чыкпай, сөзү угулбай калды. Жакшы демилгеге үмүтү жанган балдар-кыздарыбыз эжекебиздин бүлбүлдөгөн сулуу көздөрүнө зар болуп жаткандыр. Эми ишти дагы качан жандандырасыз? Жок дегенде ушул ишиңизди аягына чыгарып, бүтүрүп кетсеңиз калайыктын алкоосуна татымаксыз. Баштаңыз эми…
Булак: “Де-Факто”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ