Маданият, маалымат жана туризм министри Түгөлбай Казаков ырчы Самара Каримованы Сулайман-Тоо музей-комплексине директор кылып дайындай коюп, коомчулуктун «төө бастысында» калды. Көпчүлүк ырчынын музейди жетектөөгө тажрыйбасы жоктугун белгилешип, маданиятты түшүнгөн кишинин кылаары ушул беле дешип Казаковду катуу жемеге алышты. Натыйжада, элдин ачуу сынына туруштук бере албай Каримова директор болуудан баш тартты. Ал эми министр Казаков болсо: «Каримованы жетекчи кылууну музейдин эмгек жамааты суранган», – деп актанып айласы кетти. Айтор, кашыктап чогулткан аброюн, бир дайындоо менен чакалап төгүп алгандай болду көрүнөт… Ырасында, дайындаган соң иштегенге мүмкүнчүлүк бериш керек болчу, болбосо дайындабаш керек эле. Жети өлчөп, бир кесип чечим кабыл албай, өз чечимине өзү каршы чыгып, эмне аброй тапты?
Булак: “Фабула”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ