Menu

Президенттикке талапкерлерге 12 талап

Бөлүшүү:

Бүгүн дүйнө таанылгыс болуп өзгөрүп жаткан учурда биздин алдыбызда элибиздин  менталитетинен келип чыккан мамлекеттик саясий түзүлүштү калыптандыруу, ага төп келген  идеологиялык баалуулуктарды аныктоо аркылуу адилет коом куруу милдети турат.

Кыргызстандын эли – мамлекеттин өзөгү, эң башкы байлыгы жана бийликтин ээси. Коомдун түпкү тилек максаты – адамдардын теңдигин, жыргалчылыгын камсыздоо, акыйкаттыкты, адилеттикти, калыстыкты орнотуу, адеп ыйманды сактоо жана ынтымак, биримдикке жетишүү болуп саналат.

Биздин ата-бабаларыбыздын даанышмандыгына дагы бир жолу ынанып таазим этесиң, Кыргыз коомун түзгөн төрөлөр – азыркыча атка минерлер, билгилер-– азыркыча илимий-чыгармачылык интеллигенция жолду биргелешип, эл менен кеңешип аныктаган. Буга – Манас-Бакай-Кырк Чоро  үч бурчтугу далил. Ал эми байлар кастасы – дээрлик коомдук өнүгүүнүн нугун аныктоодо өзгөчө  роль аткарган эмес. Ал эми азыр болсо акыл-эске маани берилбей, чөнтөк маселе чечкен абалга  келдик. Саясат- бизнес-криминалдын биригүүсү акыркы жылдары күчөп, мамлекеттүүлүккө  коркунуч туудурган факторго айланды. Көмүскө экономиканын көрсөткүчү 60-70% чыгышы бийликтин алсыздыгын, коомдун ашкере коррупциялашып кеткендигин билдирет.

Бизде азыр саясый-партиялык лидерлер жетишерлик, бирок чыгаан, көсөм улуттук лидерлер жок болууда. Улуттук жол башчысыз улуттук идеология иштебейт. Ошондуктан, президент боло турган адам улуттук жоопкерчиликти сезиш керек.

Анткени, анын ишмердүүлүлүгү – өзү өсүп чыккан Улуттун жана ошол улут түзгөн мамлекеттин  тагдыры менен терең байланышкан.

Эл башына келе турган адамдын башкы касиеттери кандай болуш керек экени тууралуу илгертен эле адамзат аалымдары ар кандай пикирлерин билдирип келишкен.

Баш катырган бул олуттуу маселе жөнүндө Платондон “Эл качан бактылуу болуп жашайт?” деп сурашканда, ал: “Качан элди даанышмандар башкарганда”- деп жооп берген экен.

Эл башчысы болор адам тууралуу орто кылымда жашаган улуу даанышман бабабыз Ал-Фараби да бүтүндөй Чыгыш менен Батышка таасир берген өзүнүн “Идеал шаар” тууралуу илимий эмгегинде  кызыктуу ой-пикирлерин айтып, өлкө башчысы болор адамдын “12 мыкты сапаты” болуш керек экенин белгилеген. Алар:

1. Ден-соолугу чың, жылдыздуу жана сымбаттуу;
2. Айкөл, кечиримдүү;
3. Түшүнүгү кенен жана терең;
4. Эс тутуму мыкты;
5. Алысты көрө билген көсөм;
6. Акылман, чечен;
7. Илим-билимге кызыккан жана каныккан;
8. Эрки күчтүү жана кажыбас кайраттуу;
9. Чынчыл жана кара кылды как жарган калыс;
10. Жалган айтканды жаман көргөн;
11. Байлыкка кызыкпаган;
12. Ар-намыстуу жана абийирдүү адам болуш керек.

“Мындай адамды кайдан табабыз?” деген суроого Ал-Фараби: “Мындай адамдар сейрек кездешет жана элдин эң аз бөлүгүн түзөт”- деп жооп берет. Ошондуктан улуу акылмандын ою боюнча  “аларды бири-бирин толуктаган эки-үч адам менен алмаштырууга да болот”.

Төрт тарабы төп келген коомдук түзүлүштүн орношу жана ага бап келген лидердин келиши адилеттүүлүккө жараша болот. Алдаяр уулу Мойт аке бул туурасында таасын айткан экен:  “Адилеттүүлүк жашоонун туткасы. Адилеттүүлүк болбосо, жашоонун оош кыйышы көп болот.  Адилеттик болбосо калпычылык, нааразычылык, өкүнүч, андан улам кек сактап кекерлешүү,  кыйкым издеп тирешүү, андан улам жаңжал, кан төгүлүп кагылыш чыгат. Адилеттик менен  теңчилдик эриш-аркак. Бул экөө болгон жерде ата салты бузулбайт. Кара кылды как жарган  калыстык уялайт. Калыстык болмоюнча, теңчилдик жок, теңчилдик болмоюнча, адилеттик жок,  балдар! Мына ушуну эл билермандары бекем тутушу парз. Адилеттик – ак иш. Актын жолунан тайбагыла! Адилеттүүлүк жолу иш-пейил менен шайкеш болушу керек.

Иштин жыйынтыгы пейилге жараша болот. Ооз жүзүндө пейил түз өңдөнүп, иш жүзүндө ажырым байкалса, акыры адилеттүүлүккө зака кетет, бара-бара ак жолдон тайыйт. Ак жолдон тайганда кут кетет. Кут ордуна ар кандай ыпластык, калпычылык, эки жүздүүлүк, көз боёмочулук, арамдык  деги койчу калкты жолдон адаштырган жаман илдеттер бура бастырбай уюктай баштайт”. Кандай таамай айтылган сөз. Жүз кылым өтсө да маанисин жоготпой турган эскирбеген эскертме.

Коомдо адилеттикти орнотуу-улуттук лидердин эң орчундуу ой-максаты болушу зарыл. Адилеттик сакталбаган жерде тең салмактуулук бузулуп, иштин ирети ирийт, жол тумандайт. Коом коррупциялашып, бийлик менен элдин ортосунда ажырым күчөйт. “Улугу адил болбосо, убара болгон эл карып” дейт кыргыз. Ал эми адилеттик орногон  коомдо бардык нерсе өз өзүнүн ордуна келет. Эл менен мамлекет бир бүтүмдүккө айланат. Коомдогу бардык илимий-интеллектуалдык, руханий-чыгармачылык, жаратмандык, материалдык мүмкүнчүлүктөр бир  максатка багытталып, элдин жыргалчылыгы артат. Эл өзүнүн курган мамлекети, шайлап алган  жол башчы менен сыймыктанат. Улуттук ынтымак, биримдик ооз жүзүндө эмес, иш жүзүндө  турмушка ашат.

Учурда президенттикке татыктуу талапкерди тандоо, эл ичинен улуттук лидерди издөө- маселеси күн тартибинде курч турат. Эгемендиктин 26 жылы ичинде кадр даярдоо, жайгаштыруу, өстүрүү иши өксүктөр менен коштолду. Анын азабын азыр тартып жатабыз. Сырттан таңууланган чоочун саясат жолубуздан адаштырды.

“Бузулган элди бучук бийлейт”- деген кеп турмуштан орун очок алды. Ач албарстуу  ааламдашуунун азуусунда калбай, улуттук жүзүбуздү сактап калабыз десек башаттан келе жаткан бабалардын жолун заманбап уланталы.

Кыргыз эли бычакка сап болор уул-кыздарын он аңтарып издеп жаткан учур…

Түпбашаттан келе жаткан улуу журт эмеспи, “аккан арыктан суу агат”, эл ичинен кантип эле чыкпасын?! Акчага азгырылбай калыс карасак, саяпкери келишип татыктуусун сүрөөнгө алсак, дымактуулардын ичинен калктын көөнүн карк кылган, бүткүл журтту бакыт-таалайга баштаган улуттук лидер да байгеден озуп чыга келер.

”Жакшы тилек, жарым ырыс”- дейт, журт ооматы  болуп берер беренибизди бер деп, пейлибизди салып Жараткандан тилейли.

Булак: “Майдан.kg”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 78 = 79

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: