Menu

Ажого акыйкат кат жолдогон Жолдошева

Бөлүшүү:

Интеллигенция дейбиз. Ардак наам-сыйлык алаарда карылар, аксакалдар, урматтуулар болуп чыга калгандар толтура. Бирок, адилеттик тумчугуп турганда ошол абройлуулардын бири да үн ката албай, кумга башын тыккан страус кейипине келип алышат.

Кечээ булардан айырмаланып айтылуу Жылдызкан Жолдошева ажого ачуу чындык, акыйкат жүйөөгө толо атайын кат жолдоду. Катта: “Урматтуу Алмазбек Шаршенович, өлүм улук,  баарыбызды, президент, депутат, мен баймын деп чиренген байларды, же болбосо жөнөкөй жаран болобузбу мына ушул өлүм гана теңдештирет. Ар бир уулдун негизги парзы болуп, ата-энесин  акыркы сапарга узатуу, өз колу менен топурак салуу. Садыр Жапаров атасынын жаназасына  туруп, акыркы ирет айта турган сөздөрүн айтып алса. Ансыз да Садыр Жапаровтун үй-бүлөсүнө  адилетсиздик, акыйкатсыздык кысымдар аёсуз биринин артынан бири сокку берип жатат.

Алмазбек Шаршенович, мен сизди билгенден бери, сиздин да башыңыздан көп нерсе өттү, бирок сиз таш боор инсанга айланган жоксуз. Сизде боорукерлик, адамгерчилик сапаттарыңыз бар.  Кыргыздын салтына баарыбыз баш ийгендиктен, акыйкат орнотулбаган жерде, сизге, Ажо катары  кайрылууга туура келди.

Садыр Жапаровко атасы менен, акыркы жолу коштоосу маселесин чечип берүүгө көмөк  көрсөтүүңүздү суранам. Дагы бир жолу кайталап коёюн, өлүм улуу!”- деп жазылган. Албетте,  айтылгандын баары ачуу чындык. Бирок, аттиӊ, аттиӊ аны асманды гана карап туруп алган бийликтеги бийик адамдар угабы? Маселе ушунда. Ал эми ар качан эрдик кадамдары менен эл  кызы болуп келген Жылдызкан айымга бали дейли.

Булак: «Майдан.kg»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 32 − 30 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: