Menu

“Жалпы улуттук “Таза коом” долбоорун ишке ашырууда коомдук китепканалардын ролу»  деп аталган IX республикалык китепканалык форум өткөрүлөт

Бөлүшүү:

2017-жылдын 28 – 29-июнунда саат 9:00дө Сагымбай Орозбаков атындагы Нарын облустук китепканасында “Жалпы улуттук “Таза коом” долбоорун ишке ашырууда коомдук китепканалардын ролу»  деп аталган IXреспубликалык китепканалык форум өткөрүлөт. Бул туурасында Улуттук китепкананын басма сөз кызматы билдирет.

Форумдун уюштуруучулары Кыргыз РеспубликасынынМаданият, маалымат жана туризм министрлиги,  Кыргыз Республикасынын Коомдук китепканаларынын ассоциациясы.

IX Форумдун негизги максаты – Жалпы улуттук “Таза коом” долбоорун ишке ашырууда жаңы технологияларды жана инновацияларды киргизүүгө негизденүү менен коомдук китепканалардын ролун белгилөө. “Таза коом” программасынын негизги багыттары – ыңгайлуу жөнгө салуучу чөйрөнү түзүү, цифралык кызматтарды көрсөтүү, маалыматтарды алууда заманбап инфраструктура түзүү, адамзаттык потенциалды өнүктүрүү. Азыркы учурда республиканын китепканаларында заманбап инфраструктура түзүлгөн: бирдиктүү локалдык эсептөөчү тармак, автоматташтырылган иш орундар ачылган, китепканаларды автоматташтыруунун ИРБИС системасы ишке киргизилген, электрондук каталогдоштуруунун эл аралык стандарттарына ылайык электрондук маалыматтык базалар активдүү түзүлүп жатат, ошондой эле Интернет аркылуу информациялык маалыматтар базасына кенен жол ачылган. КР Улуттук китепканасынын жана Коомдук китепканалар Ассоциациясынын кучу менен “Ачык электрондук китепканасынын” концепциясы иштелип чыкты жана  Кыргызстанда билим беруу ресурстарын бириктирүү жана популярдаштыруу идеясын ишке ашыруу максатында  ачык, редакциялануучу электрондук китепкана Lib.kg.  тузулду. Цифралаштыруу жана анын сапатына коюлуучу талаптар жөнүндө нускама даярдалды.   Бүгүнкү күндө коомдук китепканалар “Таза коом” долбоорунун алкагында иш алып барып, жеткиликтүүү кылып ишке ашырганга толук мүмкүнчүлүктөрү бар.

Форумду өткөрүү республиканын коомдук китепканалар жамаатынын ар жылдык салты болуп калды.IX ФорумКыргыз Республикасынын Президенти А.Ш.Атамбаевдин Жарлыгы менен жарыяланган “Ыйман, адеп жана маданият жылында”өткөрүлүп жатканы менен өзгөчөлүү.

Форумда Пленардык жыйынөткөрүлөт, андан кийин форумдун иши  2 секциялык бөлүмдө уланат.

1-секция – “Таза коом” долбоорун ишке ашырууда коомдук китепканалардын ролу».  Бул Секцияда республикалык, облустук, райондук, айылдык китепканалардын “Таза коом” долбоорун ишке ашыруудагы мааниси жана ролдору каралат, атап айтканда китепкана ишинде жаңы технологиялардын киргизилиши, китепканалардын инновациялык моделдеринин өнүгүүсү, ошондой эле окурмандарды тейлөөнүн сапаты жогорулашы, китепканалык онлайн кызмат көрсөтүүлөрдүн жаңы деңгээлге көтөрүлүшү, виртуалдык окурмандар менен иш алып баруу. ж.б.у.с. маселелер каралат.Форумдун катышуучулары ошондой эле китепканалардын материалдык-техникалык базасын өнүктүрүү, өлкөнүн ар бир китепканасындаинформациялык-коммуникациялык технологияларды киргизүү маселесин, универсал жана жеткиликтүү Интернет болушун талкуулашат.

2-секция – “Ыймандуулук адамдык баалуулуктун негизи”. Форумдун катышуучулары коомдо, айрыкча жаштардын арасында адептүүлүктү жайылтууда, ошондой эле окурмандарда дүйнөгө көз карашын жана моралдык критерийлерди калыптандырууда, жаштарды эмгекке, коомго, өлкөгө карата патриоттук жана жарандык мамилени тарбиялоодогу китепканалардын ролун, ошондой эле региондордогу “Үй-бүлөлүк окуу борборлорунун” ролунун маанилүүлүгүн талкуулашат.

Форумдун жыйынтыгында Резолюция кабыл алынып, анда “Таза коом” долбоорун ишке ашыруудагы китепканалардын ролу белгиленет. Резолюциянын алкагында Республикада китепкана ишин өнүктүрүүнүн андан аркы планы кабыл алынат.

Форумда республиканын китепкана кызматкерлерине КР Өкмөтүнүн, Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин, Коомдук китепканалар ассоциациясынын атынан сыйлыктар тапшырылат.

Иш-чарага КР Өкмөтүнүн өкүлдөрү, Маданият министри Т.Казаков, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун органдарынын жетекчилери, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү, ошондой эле маданияттын жана билим берүүнүн кызматкерлери, 7 облустун, анын ичинде айылдык, райондук, шаардык жана республикалык китепканалардын китепкана кызматкерлери жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү катышат.

Форум 2017-жылдын 28 – 29-июнунда Нарын шаарында өткөрүлөт.

Байланыш телефондор: 0312 30-46-75; 0312 30-46-95, 0555775357.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 6 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: