Төрт күндөн кийин шахтадан сыртка чыккан кенчилерге «иш таштоого катышкандыгы үчүн кылмыш иши козголбойт». Бул тууралуу Караганда облустук акимчилигинин расмий сайтындагы маалыматта айтылат.
Аймактын бийлиги тиешелүү кепилдик Шахтинск шаарынын прокуратурасынын каты менен бекитилгенин билдирүүдө.
Маалыматка караганда, жумага оогон түнү сыртка чыгып, үйлөрүнө тараган кенчилер эртең, 16-декабрда жумушка чыга алышат. «АрселорМиттал Темиртау» компаниясынан билдиришкендей, дүйшөмбүдөн бери айлыктарды көтөрүүнү талап кылып нааразылык акциясына катышкан жумушчулардын уктап, күч топтоп алуусуна уруксат берилди.
Иш таштаган жумушчулардын маалыматы боюнча акция күч алып турган кезде жер алдында 700дөн ашык киши болгон.
Кечээ Шахтинск шаардык соту «АрселорМиттал Темиртау» компаниясынын доо арызынын негизинде жумушчуларды иш таштоо акциясын токтотууга милдеттендирген.
Караганда облустук акимчилигинин маалыматына караганда, кенчилер жумуш берүүчү компания сунуштаган шарттар менен таанышты. Анда жер алдында иштеген бардык жумушчулардын айлыгы 30 пайызга жогорулай тургандыгы жазылган. Ал эми сыртта иштеген жумушчулардын айлык өлчөмү кийинки сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө атайын комиссия тарабынан аныкталат. Андан тышкары компаниянын көмүр департаментинин бардык жумушчуларына бир айлык маяна өлчөмүндөгү бир жолку сыйакы төлөнүп берилет.
Ал ортодо «АрселорМиттал Темиртау» компаниясы 15-декабрдан тарта «Саранск» «Абай», Кузембаев жана Костенко атындагы шахталар иштей баштаганын билдирди.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ