Menu

Бетке чабар, жүрөктүү Мадумаров

Бөлүшүү:

Чечендигинен башка берекеси жок Мадумаров деп соктуруп кан какшап жүрүшкөндөр бир да жолу Адахандын особнягы, бизнеси, жашылбайлары бар экен деп айта алышкан эмес. Эмне себептен? Анткени чынында эле анын башка олигархтардыкындай байлыгы жок экени ырас. Илинчеги жок үчүн ал бийликти өкүртө сындап, каалагандай ашкере кылып жүрөт да. Эгерде төрт сотых жерди мыйзамсыз алган болсо ызылдап, тызылдап жатып калышмак, чиркин!

Акыркы мезгилде коомчулуктун бираз аң-сезими өзгөрүлүп, азыркы акыбалга маани бергендей түр жаралды. Оппозициялык күч дегендин нарк-баасы түшүп калды. Жүрөгүндө жалы бар, мекенчилдик духу жоголбогондорду эсептей келсең бир, эки деп бүтөт. Жалаң төш, карапайым элди артынан ээрчиткен Адахандын келкели жарк этсе өлкө оңолмок деп жер тепкилегендер ого эле көбөйүп баратат. Себеби, элге үмүт жандырган адамдын пешенесинен сылагысы келет тура пенденин. Өткөндө кошоматтанып барган “илгерки” он бир экс-спикерге караганда ушул тизелеп барбаган жалгыз Мадумаровдун данектей кеби көпчүлүктү шыктандырды. Ак сөз айтып койсок күнөөлүү болуп калбастырбыз? Акыйкатта учурда оппозиция катары Адахан мамлекетке абадай керек болуп турганы кызылдай чындык.

Булак: “Ачык сөз”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 59 − 49 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: