Эртең, 29-октябрда Бишкек шаарынын айрым жерлеринде таза суу берилбейт. Бул тууралуу бүгүн, 28-октябрда мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Алардын айтымында, Бишкекте таңкы саат 9дан 15:00гө чейин оңдоо иштерине байланыштуу убактылуу таза суу токтойт. Алсак, 7-Апрель, Горький, Достоевский көчөлөрүндө, ПТУ № 99, «Алеша», «Бишкек Нан» ААК, КВАНТ Х, «ДСМ» АК, Дизайн-сервис «Акмарал», Шаардык унаа башкармалыгы, «БПАТП» муниципалдык ишканасы, «Учкомбинат» АК, Кыргыз Авто ВАЗ, «Дасмия» рестораны, Медиафорум, «Биксер Спорт» дүкөнү, «Төкөлдөштө” токтойт.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ