Menu

Нариман Түлеев: “Атамбаев адамдардын сезимдери менен ойноп, өлкөнү түндүк жана түштүккө бөлгөнү аракеттенүүдө, бул коркунучтуу оюн!”

Бөлүшүү:

“Алмаз Атамбаевди жоопкерчиликке тартуу боюнча биз уюштурган штабга азыр 4 миңден ашык адам келип кошулду.  Бирок биз азырынча ар кандай акцияларды жана жүруштөрдү уюштурууну пландаштыра элекпиз”, – деп билдирген 20-июлда Нариман Түлеев 24.kg маалымат агенттигине.

“Ызы-чуу салуунун эмне кереги бар? Ситуацияны көзөмөлдөп турабыз жана керек учурунда чагылгандай тездик менен чогула алабыз. Бирок чагымчыл күчтөрдүн куралы боло албайбыз. Атамбаев баары бир мыйзам алдында жооп берет. Анын азыр мыйзамга баш ийбей, сурактан качып жатканы туура эмес. Ал деген азыр пенсионер, мурунку мамлекет башчысы да. Ал азыр адамдардын сезимдери менен ойноп, өлкөнү түндүк жана түштүккө бөлүү үчүн аракеттенүүдө. Бул өтө коркунучтуу оюн. Эми болсо Кой-Ташка жашынып алып, кыбыр эткенден коркуп жатат. “Эркек болчу, прокурорго барчы!” деп айткың келет. Бирок Атамбаевдин мындай кадамга духу жетпейт. Ал эми биздин штаб аны баары бир тизгиндеп турат. Биз “Атамбаевдин үйүнө жүрүш жасайбыз!” дегенден кийин ал өзүнүн коргоочуларын таратып жиберди. Азыр анын айланасында аз эле адамдар калды, мага ишенип койгула, ал үчүн эч ким резина окторуна көкүрөгүн тосуп чыкпайт. Атамбаев өз учурунда жанындагылардын баарын сатып кеткен”, – деди Нариман Түлеев.

Кыргызчалаган Kyrgyztoday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 70 = 79

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: