Menu

Түркмөнстанда Бердымухамедов президенттик шайлоого талапкер катары көрсөтүлдү

Бөлүшүү:

Түркмөнстандын учурдагы мамлекет башчысы Гурбангулы Бердымухамедов келерки жылдын февралында өтө турган президенттик шайлоого талапкер катары көрсөтүлдү. Бул тууралуу шаршембиде Түркмөнстан мамлекеттик маалымат агенттиги (TDH) билдирди.

Агенттиктин маалымдашынча, бул жөнүндө башкаруучу Демократиялык партиянын Ашхабаддагы жыйынында белгилүү болду. Тиешелүү токтом Түркмөнстандын Борбордук шайлоо комиссиясына жөнөтүлдү.

Күздүн башында Бердымухамедов Конституцияга сунушталган өзгөртүүлөргө кол койгон. Аларга ылайык, президенттин ыйгарым укуктары беш жылдан жети жылга чейин узартылып, өлкө башчылыгына талапкерлер үчүн 70 жаш курактык чектөө алынган.

Түркмөнстанда президенттик шайлоо 12-февралга дайындалып, талапкерлерди көрсөтүү 14-декабрда башталды. TDH билдиргендей, жакынкы күндөрү Өнөр жайчылар менен ишкерлер партиясынан жана Агрардык партиядан сунушталган талапкерлердин ысымдары белгилүү болору күтүлүүдө.

Бердымухамедов беш миллион калкы бар өлкөнү 2006-жылдан бери башкарып келет. Ал бийликке Түркмөнстандын биринчи президенти Сапармурат Ниязов каза болгондон кийин келген.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 66 + = 67

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: